www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рыспектен соң кылмышкерлер дүйнөсү саясатка катышпаса, саясат тузу жок шорподой болуп баратат. Ошондуктан, Жуңго башында турган кылмышкерлер дүйнөсү активдешип, ал эмес «вор» Камчы Көлбаев менен сүйлөшүүлөр болот дешет. Эмне деген «разборка» болорун ким билет, жакында Путин, Си Цзиньпин, Токаев, Рахмон башында турган ШКУ саммити Бишкекте болот. Астанада өткөн ЕврАзЭС саммитинде мурунку президент Назарбаевке ардактуу орун берип, мактап-сактап сөз берди. Биздин экс- президент мурунку кесиптештери менен сүйлөшө албастыгын сезгенби, элди ойготуп митинг уюштуруу камында. Анткени, Атамбаев Кыргызстандын кадыры үчүн сарсанаа болуп, түнкүсүн уктай албай жүрүптүр. Ал паракорчулук менен күрөшүү үчүн митинг өткөзүп бийликке эскертүү бериптир, эгер оңолбосо бир айдан кийин митингге чыгабыз деп. Эми бир ай өтүп баратат, бир жагынан ШКУнун кадырын да түшүнөт экен, бир гана туура эмес жери Атамбаев деле президент болгон да, анда митингге чыгам деп койгондугу үчүн Бекболот Талгарбеков, Кубаныч Кадыров,Марат Султанов, Нурлан Мотуевдер камалып жатышпадыбы. Эми дөө-шаалар келгенде ызы-чуу кылган жатабы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»