www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин Алиясбек Алымкулов деген министри болгон, эл алдына барып: «Мен болбосом Бакиевдик бийликти эч ким ала алмак эмес. Атамбаев, Текебаев дегендер СИЗОдо жатышкан, апчем жашынып жүргөн. Мага окшогон Апрель революциясынын чыныгы баатырына Кыргыз эл баатырын берүү аздык кылат. Мага Таласка бюст орнотпосо окшошпой калат» -деп жүрүп бюст орноткон. Кызык, 2010-жылдын 7-апрелине чейин Алиясбек Алымкулов эмне кылып жүрдү экен? Же Орусияда Путиндин картошкасын отоп жүрдүбү, ага чейин аты-жыты жок Алиясбек Алымкулов министр болду, баатырдыкты алды. Эми ал аздык кылгансып бюст орноткону эмнеси?
Константин Жуков деген болгон Улуу Ата Мекендик согуштун каарманы, кайсы жерде албуут согуш болсо ошол жерге Жуков барып жеңип келчү. Бир ирет Сталин оор тапшырма берет эшикке чыгып баратып аны сөгүп койот. Эшиктеy кирип келаткан Алиясбек Алымкуловго окшогон кошоматчы маршал Сталинге ушактап кирет. Анда Сталин Жуковду чакырып, «Сен кимди сөгүп чыктың?», -дейт, «Албетте, Гитлерди» -дейт Жуков, «Мен да ошентип ойлогом, а сен кимди сөгүп жатат деп ойлодуң эле?»- деп тиги ушакчы маршалга кайрылат. Жуковдун бюстун Харьковдо талкалашты, Сталин болсо өзүнө бюст орноткон Алиясбек Алымкуловду кошуп аттырып жибермек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»