www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шри-Ланкада президенттин резиденциясын ээлеп алган козголоңчулар сарайдан чыгуудан баш тартышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Президент отставкага кетиши керек, премьер-министр жана өкмөт дагы кетиши керек", - деген талапты коюшууда козголоңчулар.

9-июлда Шри-Ланкадагы масштабдуу нааразылык акциясынын катышуучулары президенттин резиденциясын басып алышкан. Алар президенттик бассейнге түшүп, ашканада тамактанып, мамлекет башчынын үй-бүлөсүнүн жеке бөлмөсүндө болушкан. Ошондой эле резиденциядан ири өлчөмдөгү улуттук валютаны таап, кийин күч органдарына өткөрүп беришкен. 

Ишемби күнкү тополоңдон кийин Шри-Ланканын өкмөтүнүн башчысы кызматынан кетүүгө даяр экенин билдирди.  Ал эми президент Раджапакса 13-июлда отставкага кетиши күтүлүүдө.

Элдин нааразычылыгы өлкөнүн экономикалык абалынын начарлашынан келип чыккан. Шри-Ланка азыркы тарыхтагы эң оор кризисти башынан өткөрүп жатат. Ал республикада валютанын, күйүүчү майдын, мунай продуктыларынын, жер семирткичтердин, калктын айрым топтору үчүн продукциянын, дары-дармектердин олуттуу тартыштыгы байкалууда. Премьер-министрдин айтымында, экономикалык кризистен толук чыгуу үчүн үч жыл же андан да көп убакыт керектелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости