www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 13-сентябрда Пекиндеги Элдик жыйындар залынын чыгыш дарбазасынын алдындагы аянтта Венесуэланын президенти Николас Мадуронун урматына салтанаттуу тосуп алуу аземин өткөрдү. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.
Салтанаттын жүрүшүндө аскер оркестри Венесуэланын жана Кытайдын мамлекеттик гимндерин ойноп, андан кийин 21 жолу артиллериялык салют атылды.
Си Цзиньпиндин коштоосунда Николас Мадуро Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын (НОАК) ардактуу кароолунун катарларын айланып өттү.
Эки мамлекеттин башчылары ардактуу кароолдун жүрүшүнө жана аскердик оркестрдин өнөрүнө күбө болушту.
Ошондой эле тосуп алуу аземине Си Цзиньпиндин жубайы Пэн Лиюан жана Николас Мадуронун жубайы Силия Флорес да катышты.
Ошол күнү кечинде Си Цзиньпин менен Пэн Лиюань Элдик жыйындар залынын Алтын залында Николас Мадуро менен Селия Флорестин урматына салтанаттуу сый тамак беришти.
Эске сала кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Николас Мадуро 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Кытайда мамлекеттик сапар менен жүрөт, бул анын Венесуэланын президенти катары бешинчи жолу келиши.
Булак: NazarNews.kg