www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртастын жубайына сейрек кездешүүчү операция жасалды.
Маалым болгондой, Жулдыз Абдукаримованын өзгөчө көйгөйү бар – анын башка адамдарга салыштырмалуу тили кыска. Бул тууралуу актриса социалдык тармактарда айтып, ал тургай видеосун да жарыялаган.
"Тишимди оңдотуу үчүн дарыгерге барчумун. Акыркы жолу көргөн дарыгер: "Биздин башкы хирург сиз менен сүйлөшөт" деди. Анын сөздөрү мени абдан таң калтырды. Тилекке каршы, тилим кыска болуп чыкты. Бул тиштегенге таасир этет экен. Анан эмне кылсам болот деп сурадым, тилимди чоңойтууну, тагыраагы операция кылууну сунушташты. Мен макул болдум, заманбап ыкмалар менен тилимди узартышты. Азыр менин да тилим узун”,-дейт Жулдыз.
Коомчулук белгилегендей, Жулдыз азыр калыбына келтирүү мезгилинде. Тигилген жери ажырап калбаш үчүн диета кармашы керек. Жалпысынан алганда, актриса өзүн жакшы сезип жатат.
Булак: NazarNews.kg