www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Качандыр бир кезде кимдир бирөөнүн үйүнө барганда көп нерсе эски жана жөнөкөй болсо да жагымдуу атмосфера сезилип, жайлуулуктан улам эс алгандай жеңилдей түшкөнүңүздү байкаган чыгарсыз. Кээ бир үй канчалык кооздолсо да суук жана тар көрүнөт. Эмне үчүн? Анткени ар бир мейкиндиктин өзүнө гана энчи болгон жан дуйнөсү, энергетикасы болот экен. Жашап жаткан үй адамга күч берет же алсыратат. Фэн-шуй окуулары боюнча аялзатынын ошол үйдүн күчү менен жан дүйнөсү окшош болот дешет. Кыскасы, турак жайды жашоосундагы бейишке айлантуу аялдын милдети экен! Сиздин үйүңүз кандай? Ал сиз тууралуу кандай кабар билдирет? Жумуштан кийин үйдөгүлөр үйгө тез келүүге шашабы? Балдар өзүн кандай сезет, бардык бөлмөлөрдө бирдей ойноп жүрө беришеби? Жакындарыңыз түнөп кетүүдөн качпайбы? Кошуналардын пикири кандай? Эгер бир жолу ушул багытта суроо жаралганын эшитип калсаңыз, үйдүн энергетикасын жакшыртуу үчүн амал кылууну ойлонуп көрүңүз.
Үйдөгү ар буюм сизге жаккандай болсун!
Эгер сизге бир нерсе жагып, көңүлдөн кетпей турган болсо ыгын таап, шартын тууралап сатып алууга аракет кылуу керек. Ал сизге күч берет. Ыңгайлуулук жаратып, кубанта турган нерсе чындыгында кубаныч тартуулайт. Эми үйдү айланта карап чыксаңыз, эмне жакшы көрүнөт, кайсы буюм негативдүү эмоцияларды чакырып жатканын аныктоо оңой болуп калды көрүнөт.
Жашооңузда кайсы бир тармакта аксаган учур болуп жатабы, мисалы, үй-бүлөдө, жумушта же финансы жаатында. Андай болгондо үйдүн ичиндеги көптөн бери колуңуз тие элек бурчту аныктаңыз, ал балким антресоль, ваннадагы текче, жер төлө болушу мүмкүн. Дал ушул жерде энергетикалык тешик бар. Желдетилбеген, тазаланбаган орун көйгөйдүн булагы болушу ыктымал дешет.
Үйүңүз менен кадимкидей сүйлөшүңүз. Шүгүрчүлүк келтирип, кырсыктан, жамандыктан сактай турган чебин да сыйлаш керек. Билинбеген менен ар бир аракеттин аркасында сый бар, жууп-тазалоо менен аң-сезимди тазалайбыз, ишеним менен үтүктөп, берилүү менен чын дилден тамак даярдап күч беребиз, Мына чыныгы аялдык бакыт жана күч!
Жашоо бул кыймыл.
Мейкиндик тирүү болуш үчүн үйдөгү бардык нерсе керегине жараша колдонулуп турушу керек. Жылдан көбүрөөк убакыт туруп калган буюм же дагы бир башка нерсе күч менен жөндөмдү соруп алат деп билиңиз. Китеп, же дагы ушундай турчу нерселер болсо жарым жылда бир ирет тазалап ордун алмаштырып коюуга болот.
Үй тазалап жатканда төрт стихияны бирдей колдонууну билүү шарт. Суу - аялдын энергиясы! От үйдө уруш-талаш, тирешүү көп болгондо колдонулса пайдалуу, ал үчүн шам жагып, же арча түтөтөсүз. Аба - бул желдетүү. Жер - карападагы гүлдөр. Үйдү тазалаганда буга чейин эле жогорудагы аракет колдонулуп келген болсо, мындан ары жүрөктө ыйык ишеним менен ынанымдуу кадам баштайсыз дегентилектебиз.
Ондогон жылдар мурда Чыгышта табияты жыгач болгон идиш, буюмду көбүрөөк колдонушкан. Бул бекеринен эмес. Суу менен жерден күч алып, желге ыргалып чоңойгон дарак өсүүнүн энергиясы боло алат. Байыркылар ооруп жаткан адам колдонгон жыгач идишин өрттөп салып, от менен тазалап айыгууга үмүт байлачу. Бүгүнкү күнгө чейин чыгыштагылар гана эмес батыштыктар да катуу ооруган адамга жыгач идиш колдонуп, өрттөп салууну сунушташат.
Сууну дайыма тунук айнек идиш менен ичиңиз, ал сизге кубат берет, сергек кылат жана тазалыктын белгиси. Мындан тышкары ашканадагы идиш мүмкүн болушунча ак менен алтын аралашкан болсо чыныгы классикалык үлгү жана эзотерикалык мазмун шайкеш келгени!
Фэн-шуй окуусу бүтүндүктү жактырат. Ал предмет бүтүн кезде энергетикасы да толук болот. Кетилген жер, сынган бурчу, ажыраган бөлүк чапталган болбогону жакшы. Өзгөчө идишке мындай мамиле кылууга таптакыр тыюу салынат.
Булак: ШАМБАЛА