www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Словакияга “Sputnik V” вакцинасы жеткирилди

Словакия коронавируска каршы Орусияда өндүрүлгөн “Sputnik V” вакцинасынын 200 миң дозадан турган алгачкы тобун 1-мартта кабыл алды. Ошентип, бул өлкө Европа Биримдигинин алиги орусиялык вакцинаны кабыл алган экинчи мүчө өлкөсү болуп калды.

Словакия өткөн аптада киши башына алганда COVID-19га байланыштуу өлүмдүн дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчү катталган өлкө болду, деп маалымдайт “Биздин Дүйнөбүз Маалыматтарда” аттуу интернет барагы.

Евробиримдиктин дары-дармекти көзөмөлдөөчү органы – Европа дары-дармек агенттиги (EMA) тарабынан азырынча Орусиянын вакцинасы расмий жактырыла элек. Ушуга карабастан Венгриядан кийин эле Словакия да ички мамлекеттик чечими менен “Sputnik V” вакцинасын колдонууну туура тапты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости