www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

София Ротаруга кол салуу болдубу? 

Украиналык эстрада ырчысы София Ротару орусиялык кесиптештери тарабынан кол салууга учураган. Кесиптештеринин айтымында, ырчы Украинанын чыгышындагы аскердик операциясын колдоп жатып, Москвага гастролдоп барган жатат. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. 
Ротарунун концерттик директору Сергей Лавров “60 мүнөт” программасында аталган кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылган. 

“София Ротару эч качан кандайдыр бир аскердик операцияны каржылаган эмес. Бул окуя боюнча ММК тарабынан көп ушактар жүрүп жатат. София тынчтыкты сүйгөн адам. Ал согушту каржылаган жок. Ал туугандарына демөөрчү. Бир туугандары, балдары, неберелери, мына ушуларды каржылайт. Ошон үчүн ал согушка демөөрчү болгон деп айтылган сөздөр бул жалган”, -дейт ырчынын директору.

Ошондой эле ал ырчы Москвадагы өткөн “Жылдын ыры” долбооруна катышпаганын себеби да ушул болгонун кошумчалаган.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурун Ротару Москвага келип “Жылдын ыры” көрсөтүүсүнө тартылары жана “Легенда ретро FM” фестивалына катыша турганы айтылган. Мындан тышкары анын жаңы жылдык корпоративдерге түшкөн сунуштарды карап жатканы айтылган. 
Буга Федерация кеңешинин коомдук комитетинин башчысы Валерий Рязанский үч күн мурун өз оюн билдирген. 

“Маданият министрлиги буга чейин Орусия элин сындап жүргөн артисттерге таасир кыла ала тургандай болушу керек.  Бирок, качан аларга акча керек болгондо Орусияга келүүнү каалап калышат”, - деген эле  депутат.

 “Албетте, маданият менен искусствонун саясатка тиешеси жок деп айтып жатышат, бирок чыныгы жашоодо андай эмес да.  Билесиздерби, ошол эле белгилүү грузин артисти Вахтанг Кикабидзе да Орусияны сындап чыккан. Мындай ырчылар сахнага чыкканда, залдын ичи бош болуп калса, эң жакшы жооп болот”, -дейт ал.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Орусия менен Украинанын ортосундагы саясий абалдан улам Ротару Орусияда ырдоодон баш тарткан.Ротару Орусиянын 40тан ашык сыйлык тапшыруу аземине катышкан.
Ал 2014-жылы Киев менен Москванын ортосунда араздашуу күчөгөн учурда да, Орусияда ырдоодон баш тарткан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости