www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү менен биргеликте Ош облусу боюнча көмүрдүн наркы жогорулап кетти деген маалыматты изилдеп жана тактап чыкты.

Бүгүнкү күндө облус боюнча көмүр казып алуучу карьерлерде көмүрдүн орточо баасы 2 сомдон турат.  Ал эми райондордо Алай району «Перити-Коал» ЖЧК ишканасында БК-3сом 20 тыйын, Кара-Суу району «Жол-Чырак» ЖЧК ишканасында 2сомдон 4 сомго чейин, Ноокат району «Алмалык Ком»ЖЧК ишканасында 2сом 50 тыйындан 4 сомго чейин, Өзгөн району «Абыке» ишканасында 1сомдон 3сомго чейин, «Мамат Компании Кульдамбес» ишканасында 2сом 50 тыйындан, Чоң-Алай району «Турдумамат» ДЧ ишканасында 2сомдон сатылууда.

2019-жылдын 25-ноябрына карата Ош облусундагы 116 көмүр сатуучу пункттарда 1кг көмүрдүн баасы 1сом 80 тыйындан 6 сомго чейин, Алай районунда орточо баа 5 сом 50 тыйындан, Араван районунда 4 сом 50 тыйындан 5 сом 80 тыйынга чейин, Кара-Кулжа районунда 5 сом 70 тыйындан 6 сомго чейин, Кара-Суу районунда 4 сом 50 тыйындан 6 сомго чейин, Ноокат районунда 4 сомдон 6 сомго чейин, Өзгөн районунда 3 сом 80 тыйындан 6 сомго чейин, Чоң-Алай районунда 3 сом 50 тыйындан 5 сомго чейин сатылууда.

Облуста көмүр пункттарда 1 кг көмүр 8 сомдон сатылууда деген маалымат боюнча мониторинг жүргүзгөндө, Сүлүктү көмүрүнүн баасы 8 сомдон сатылууда, себеби бул көмүрдү коммерциялык багыттагы кафе, ашканаларда (шашлык, нан бышыруу үчүн) колдонулат, ошондуктан баасы жогору бирок калктын көпчүлүгү бул көмүрдү колдонушпайт. Мындан сырткары, облустун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылында «Перити-Коал» ЖЧКнын отун базасында 1 кг көмүрдүн баасы 4 сом 80 тыйындан сатылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости