www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын белгилүү ырчысы Николай Басков менен композитор Игорь Крутойдун полдо тоголонуп кыйкырышып жаткан видеосу Инстаграм социалдык тармагына тарап кетти. 

Бул видео тууралуу орусиялык ырчы Басков жергиликтүү басылмалардын бирине түшүндүрмө берди. 
“Ооба, биз сыйгаланып кеттик. Мен ошол убакта Игорь Яковлевичтин колунан телефонун сууруп алдым. Себеби ал мени күтүсүздөн эле видого тартып алды. Мен анын бут кийимин тебелеп алып, ал сыйгаланып кетти, анан мен дагы жыгылып түштүм”, -деп Басков түшүндүрдү. 

Ырчынын айтымында, Крутой компромат катары аны видеого тартып алганы үчүн анын телефонун тартып алууга аракет кылган. Басков композитор тартылган видеону Инстаграмга жүктөп коймок экенин белгиледи. 

“Мен ыйык сакталган сырымды айтып бердим. Албетте, менин сырым коомдук талкууга алынышын каалабадым”, -дейт Басков. 

Ал экөөнүн ортосунда эч кандай уруш болбогонун жана жыгылганда эч кандай жаракат алышпаганын билдирди. 

Ошондой эле Крутойдун телефонундагы видеону өчүргөнгө жетишип калганын да айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости