www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулукта аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-февралда Лесной көчөсүндө Д.Н. жана Д.З. аттуу жубайлар ортосунда үй-бүлөлүк чыр-чатак тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Жеринде териштүү иштери жүрүп, чырды болтурбоо үчүн коргоо ордери берилген.
«Тергөөдө белгилүү болгондой, 4-февраль саат 8:00 чамасында кызганычтан жубайлар ортосунда чыр чыккан. Д.Н. аттуу киши аялынын ар кайсы жерине бычак менен сайгылап, натыйжада жубайы ошол жерден көз жумган«, — деп жазылат маалыматта.
Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголуп, 40 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.