www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мечиттерде экстремисттик мүнөздөгү материалдарды тараткан «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр 1990-жылы туулган А. Н., 1989-жылы туулган К. К., кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кызматкерлер тарабынан тинтүү учурунда, экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук маалыматтар табылып алынган. Учурда бул уюмга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.