www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Солтон-Сары кенинен анча алыс эмес жайгашкан үч айылдын тургундары кой-козунун жапырт кырылып жатканын билдиришип, алтын кенин иштеткен кытайлык «Zhong Ji Mining Company» кытай-кыргыз ишканасы ишин токтотсун» деген талап коюп жатышат. Мындай абал адаттагыдай эле интернеттеги социалдык-байланыш тармактарында кызуу талкууланып жатат. Өлгөн койлорду жергиликтүү эл кытайлык ишкананын ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Иштин чоо-жайын аныктоо үчүн атайын комиссия дагы түзүлгөн. Ага бийлик өкүлдөрү, кытай компаниясынын кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар дагы кирген.
Дагы бир маалыматта аталган аймакта кырылган жандыктар, бир короого гана тийешелүү экени айтылууда. Башка короонун койлору аман экени шек жаратып жатат деген пикирлер дагы бар. Ошентсе дагы мындай абалды өздөрүн оппозиция атап жүргөн саясий топтордун өкүлдөрү бийликке каршы аргумент катары пайдаланууда. Учурда Кой-Ташта улам концерт берип, үйүнө кум салынган мешоктор менен чеп куруп алган Атамбаевдин жанындагылар, бул теманы күчөтүп, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду күнөөлөп жатышат.

“Бийлик элге каршы чечимдерди кабыл алды. Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштетүүдөн улам мал-жандыктар кырылып жатат. Бийликке болсо бары бир, ушундай зыяндуу ишканаларга уруксат берип тиктеп отурушат. Сооронбай Жээнбеков эмнеге уруксат берди?”-деген так Атамбаевдин жанында отургандар тарабынан айтылып жатат.

Аталган кен-байлыкты иштетүүгө чын эле президент Сооронбай Жээнбеков кызыкдар болуп, уруксат берди беле деген суроого биз дагы кызыктык. Алтын кенинин чоо-жайы мындай экен. Аталган кен-байлыкка ээлик кылган “Юр-Азия в Кыргызстане” компаниясы 2004-жылы катталган. Бул кадимки эле жаз айында чуулгандуу уран кенин казып баштаган компания. 2010-жылы компания алтын кенин чалгындоо өткөрүүгө уруксат алып, 2011-жылы геологиялык чалгындоого лицензия алышкан. Ал убакта Кайрат Жумалиев министр болчу. Ошол эле жылдын май айында аталган компания Кызыл-Омполдогу уран кенин чалгындоого дагы лицензия алып, ага министр Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы Чунуев лицензиялык макулдашууга кол коюп, мөөнөтүн узартып берген. Акыркы жолу аталган кен-байлыкты казып иштетүүгө Зилалиев кол коюп, толук укук берген.

Зилалиев камакка алынаар алдында анын белгисиз булактардан топтолгон банк ячейкаларындагы акчалары табылган. Зилалиевдин убагында эӊ көп лицензияларга кол коюлуп, экологияга жана мамлекеттин келечегине зыяндуу экенин билип турса дагы иштөөгө уруксаттар берилген. Ал мурдагы Өкмөт башчы Сапар Исаковдун абдан ишенимдүү адамы катары белгилүү. Ири коррупциялык кылмыштарга шектелип учурда камакта жатат. Ал эми учурда “оппозициябыз” деп жарыялаган Кой-Таштагы “элдик штабдын” мүчөлөрү Солтон-Сары үчүн азыркы бийликти күнөөлөп жазып жатышат. Алар, Атамбаевдин убагында уруксат берилип, бул алтын кендин иштетилишине кайра эле Атамбаевдин жакын адамы Зилалиев кол койгонун эстегиси келбейт окшойт?

Кандай маселе болбосун, бийликке каршы аракет кылуу жана андан акча жасагандар бар. Солтон-Сарыны күчөтүп жаткан кырдаалды Алмазбек Атамбаевге байланыштырса болот. Жаз айында Кызыл-Омполдогу Уран кенине каршы митингдин саясатташып, ага Равшан Жээнбеков аркылуу Атамбаев аралашканы белгилүү болгон. Ошол митингдин уюштуруучусу Аида Каданова болчу. Ал Атамбаевдин акчасын алып, элди көчөгө алып чыгам деп убада кылган. Атайын «вотсап» группа ачып катышуучуларды чогулткан. Ал группада азыр Солтон-Сары боюнча маселе талкууланып, Кой-Таштан акча-каражатын күтүп жатканын көрүүгө болот. Аида Каданова жергиликтүү активист. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Учурда Солтон-Сары алтын кенин көтөрүп, Атамбаевден акча үмүт кылып жүрөт.
Эл экология жөнүндө кабатыр, Атамбаев жана шылуундар саясат жана акча менен алек. Төмөнкү уюштуруучуларды көрүп, кырылган койлорду ушул шылуундар өлтүрүп жатабы деген ой келет. Болбосо, эмнеге бир короонун гана койлору кырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости