www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурсултан Назарбаев

Улуу жүздөгү чапрашты бийдин небереси Нураке төрөлөрдүн тукумунан. Брежнев, Колбиндерди эсептебегенде казактарды 25 жылдан ашуун Динмухаммед Кунаев жетектесе, 29 жылдан ашуун Нураке бийледи. Казакстанды башкарган Кунаев 1962-жылы 16-декабрда кызматынан алынып, 1964-жылы Брежнев келгенде кайра ордуна келет. 1986-жылы 16- декабрда Кунаев экинчи ирет кызматынан алынат,  Геннадий Колбинди коюшуп, казак жигиттери  бийликке каршы «Желтоксанды» уюштурушат. Кунаев Назарбаевди 1984 –жылы премьер- министр кылып көтөргөң. Назарбаев 1989-жылы Казакстандын башына келет. 1990-1991-жылдары Казак ССРинин президенти, 1991-жылдын 10-декабрынан Республика Казакстандын президенти болгон, ал эми 16-декабрда РК эгемендүүлүк күнүн жарыялайт.  СССРди кыйратуу үчүн Ельцин, Шушкевич, Кравчук декабрда Беловеж токойуна чогулганда, Назарбаев барбай койгон. Негизи күчтүү мамлекетти каалайт. Борборду Нур-Султанга  көчүргөн, дүйнөлүк саясатта чоң оюнчу. Казакстандын Россия менен чектешкен 6 облусунда паспорттор таратылып, Россия менен кошулуу тууралуу үндөөлөр башталганда, Москвага барбай койгон. Ал эмес Путинге каршы айтканы бар. Бирок Путин менен тил табышып, ал Түркмөнстанга барып, ал жакты Батышка каршы үндөдү. Негизи мурун Жети-Суу,Чимкент кыргыз жайыттары болсо, эми тарып отуруп, Шабдан Чүй дарыянын бир жээгин берсе, Каркыраны алышып, Токмоктон жер алышып жерин кеңейтип келатышат. Акаев казактардан жер алмак түгүл, уулуна Назарбаевдин кызын алып берип, бийликте узакка калгысы келген. Казактар ал эмес океандан арал сатып алышып, Казакстандын океанда да жери бар. Назарбаев Казакстанды Казак эли деген атка которуунун демилгечиси, улут лидери титулунун ээси. Орус улутчулдары Байкоңур космодромуна көз арткандан бери, кыргыз эли бир таянычы экенине көзү жетти. Кыргыздар аз эл болгонубуз менен саз элбиз, бирок жетекчилекрибиз жарашпай турат.Назарбаев  Токаевге президенти өткөргөнү менен эми да элине,бийликке кадыр-барктуу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости