www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 УКМК “Солтон-Сары” алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу эскертүү берди

УКМК “Солтон-Сары” алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу эскертүү берди

Журналист: NAZARNEWS
07.08.2019, 1:37
7100
|

Массалык маалымат каражаттарында, Интернет сайттарда жана социалдык тармактарда “Солтон-Сары” алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу, коомдо улуттар аралык тирешүүгө алып келе турган видеоматериалдарды жайылтуу боюнча УКМК төмөндөгүлөрдү эскертет.

Айтылган видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратып, жана ошондой эле инвесторлор менен  «Zhong Ji Mining company» компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын ортосунда улут аралык тирешүүсүнө себеп болушу мүмкүн.   

Белгилей кетсек, мындай тенденция калктын нааразылыгын жаратып, каршылык акцияларына жана массалык башаламандыкка алып келүүчү жагдайларды жаратат.
Буга байланыштуу, КР УКМК жогорудагы коомдогу чыңалууну алып келүүчү мүнөздөгү мааламаттырды жана видеоматериалдарды жайылткан авторлого эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет.

КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями