www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Сонунбүбү айым, мурдагы президенттин учурдагы кадамдары кандай болуп жатат? Дегеле мурун журт атасы болгон мурдагы президенттин кадамдары туурабы? Кыргыздарда дегеле "кайтар дүйнө" бар деп коюшат эмеспи... Курманбек Бакиевдин тагдырынан Атамбаевдики ашып түшкөн жокпу? Анткени жер алмашуу эле болбосо окшош окуялар болуп калды...Ошол эле учурда Сиз көбүнчө улуттук идеологияга басым жасап, “каргыш", "кайтар дүйнө" деген бар”, деп социалдык тармактарда байма-бай жазып келесиз, баарына токтоло кетсеңиз...

--Негизи кыргыз эли башка улуттарга караганда өзгөчө жаралган, байыртан жер каймактагандан бери жашап келе жаткан улуу калк.  Кыргыздан касиети өзгөчө көзгө көрүнбөгөн, улуу ата-бабалардын арбактары колдоп турган, аркы дүйнө менен берки дүйнө бириктирип турган касиеттердин ээси. Байыртадан биздин ата-бабабыз “бирөөгө жамандык менен арамдык кылба, бирөөгө оор казба, оор казсаң кеңири каз”, деген нарк-насил менен жашаган эл болчу. Тилекке каршы, ата-бабабыздын наркынан тайып, кыргыздын улуу касиетин тааныбай, кытмыр жолдор менен “мен өзүмдүн билгенимди кылсам, булар эч нерсе кыла албайт” деген жолго Атамбаев түшүп алды эле. Акыркы 20 жылдагы аралыкта элдин жан-дүйнөлөрү жабыркап, байлык биринчи орунга чыгып,  элди ачка койгон чоң саясат пайда болду. Анан баягы ачка болгон элди түшүнгөн саясатчы, “кичине тыйын көрсөтүп койсом артымдан ээрчийт” деген кыска түшүнүктө болуп өз билгендерин кылып калышты. Негизи башынан эле карап көрсөк, Атамбаев дегеле кыргызга жакшылык кылган эмес. Президент болгонго чейинки кадамдарын карап көргөндө “мен китеп сатып, котормо жасап жүрүп байыганмын”, деп жомокторду айтып жатат. Эгер китеп сатып, котормо кылып байыган болсо, бизде канчалаган котормочу, китеп саткандар жүрөт. Анда баары эле байып олигарх болуп кетпейт беле? Бул жөн гана адамдардын башын айландыруу. Атамбаевди тунгуч президент Аскар Акаев өз оозу менен айтпады беле, акын-жазуучулар союзуна бөлүнгөн кайтарымсыз акчаны ошол боюнча алып жок кылып салганын. Атамбаевдин жазуучулардын алдында ат көтөргүс карызы бар. Алмаз Атамбаев, Жазуучулардын Арашандагы эс алуучу жайын дагы менчиктештирип алган. Ал жерге барып жазуучулар эс алып, суунун боюнда, таза абада, жан дүйнөсүн эркин кармап, чыгарма жаза турган жеринин баардыгын тартып алып, менчиктештирип, каалаган жазуучусуна сыйлык берип, каалабаганына бербей жазуучулардын ыркын кетирген. Кыйыныраак жазуучулардын арты менен адам катарына кошулуп, ошолордун арты менен чыгармачыл адамдардын күчү менен ушул деңгээлге жетип, жазуучуларды бетине кармап, арам иштин баардыгын жасаган Атамбаевдин акмакчылык иштери эч бир пенденин оюна да келбейт, эч ким анын кылганын жасай дагы албайт дагы. Атамбаевдин акылына келген нерсе адам баласынын акылына келбейт.

--Кандайча?

--Анткени туруп эле оозун келгенди айтып, акча тапканы келгенде өз пайдасы үчүн, өзүнүн бийликти тартып алгысы келген учурда өзүнүн арамдык оюн иштетип баштайт экен. Атамбаев эгерде ошол тескери кыялдарын акылдуу жагына айлантып кыргыз элине пайдалуу жагына жакшы нерселер болмок. Жок, андай болгон жок. Өзүңөр көрдүңөр Кой-Ташта оозуна келгенди айтып, “кыргыз эли үчүн иштедим, элди ойлоп атам, азыр мен түрмөгө кирип кетчү болсом, эл кыйналып калат” дегенге чейин барды. Эл, Атамбаевдин оозун же акылын карап калгандай сезип калды да ага. Атамбаев өзүн элдик лидер катары көрсөткүсү келди. Бирок биз дагы тилекке каршы кимдин-ким экенин билбей, ак менен карабыз аралашып, тигиге барып ээрчидик, буга барып ээрчидик...

--Кой-Таштагы жүргөн калк чын эле Атамбаевди ээрчидиби?

--Алмазбек Атамбаевди ээрчиген Кой-Таштагылардын көпчүлүгү Атамбаевди чын-дилден колдогон жок. Аларда кандайдыр бир кызыкчылык болду. Кой-Ташка баргандар деле "акча алып жаткандан кийин үн кошуп коёлу да" деп, болгон аракетин жумшады. Бирок эл башкарган Атамбаевдин, ошентип элдин дарбытыштын же чаргытыштын кереги бар беле? Элдин башында 5-6 жыл башкарган адамдын кадыр-баркына ушул туура келеби?! Анын жасаган иштерин көчөдө жүргөн адам дагы кылбайт. Ошондо биз, калк оорулуу “нервный” адамга татыктуу экенбиз да. Көрсө биз 6 жыл ошол кишинин оозун карап, “ушул туура аткарып жатат” деп олтурдук да. Тилекке каршы “Атамбаев туура кылып жатат” деген кошоматчылар деле жүрдү, бирок мен ошол кезде эле Атамбаев тууралуу пикир айтканмын, “ой, эмне эле Атамбаевди жамандайсың” дегендер болгон. Азыр өздөрү Атамбаевди кайра жамандап жүрүшөт. Бул кишинин акмак, келесоо экени көрүнүп эле турат, анан эле мунун сөзүн сүйлөп атышат. Атамбаев өзү жазуучулар союзунун мүчөсү экен деп жүрөт. Бул киши кандайча Жазуучулар союзунун мүчөсү десем, бир-эки китепти которгон экен. Демек ал киши Жазуучулар союзунун мучөсү болсо, анда ошол жактан элге сөзү өткөн, нарк-насилди ойлогон калыс адамдар чыгып “ Алмаз, ой эсиңе кел, президентти кайра-кайра шайлагандан, кайра-кайра айдап чыга бергенден эмне пайда, ансыз деле карыздан карызга батырды”, деп айтса болмок. Алмаз Шаршенович өзү бийликке келгенден бери карызга батып кеттик деп айтып атышат. Улам эле көтөрүлүш чыгарып, элди алаксытып, тынч жашоону ызы-чуу кылып, жөн эле чыгым кыла бергенден көрө, Жээнбековго жардам берсе болмок. “Экөөн жараштыруу керек” дегендер дагы болду, бул таптакыр туура эмес эле. Экөөнү жараштырганда президентке барып алып, “Алмаз досуңуз, жеп коюптур, жесе жесин, карызга батсак баталы, мейли ушуга көзүңдү жумуп эле кой, жөн эле жүрө берсин” деп айталыбы? Бул деген болбогон нерсе. Бизди балдарыбыздын-балдарына чейин карызга батырса... Атамбаев алгандарынын баардыгын төлөп, казынага төксүн. Элден кечирим сурасын. Ошондо жарашат.

--Сооронбай Жээнбеков саясатта кандайдыр бир катачылык кетирип жаткан жокпу?

--Жээнбековдун бир дагы ката ишин көргөн жокмун. Айрымдар, “Жемкорлорду бир эле жактуу кылып карап, Атамбаевдин тегерегин гана камап жатат”, деп элдин бүйүрүн кызытып жатат. Жегич адамдардын тегерегинде жалаң жегич адам болсо аларды кармабаганда, анан мени кармайбы? Кызык, ошол Атамбаевдин тегерегиндегилердин баардыгы жеп атпайбы? Карап олтурабыз, кимиси жемкорлукка шектелсе түндүк-түштүк экенине карабай камап атат. “Тандап атат” деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Жээнбеков жегичтердин баарын камап атат, ошого ыраазыбыз, анын туура эмес кадамын көргөн жокмун. Эгерде, Сооронбай Жээнбековду азыр алдап жанында жашыруу жеп атса, ал дагы бир күнү камалат. Аны деле изилдейт. Азыр ар бир аткаминер бийликке келгенде ойлоно турган мезгил келди. Мага Сооронбай Жээнбековдун эң жаккан кадамы, эч нерсени айтпай эле баарын тымызын жасап жатат. Эч мактанган дагы жок. Ашыкча сүйлөбөдү. Ишин эле кылып атат, иш кылган адам көп сүйлөбөйт. Азыркы президенттин мөөнөтү бүткөнгө чейин ызы-чуу кылбай мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Негизи кыргыздын улуу бир айтымчысы айтты эле, “Алмаз Атамбаевдин кийин бир карапайым Кудай деген адам бийликке келип элдин жашоосун оңдойт” деген. Сооронбай Шариповичке ийгилик каалаймын, бул киши биздин ишеничибизди актайт деп ишенем.

--Рахмат!

Биз менен маекте Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбүбү Кадырова болду

Булак: NazarNews.kg

Последние новости