Алкы бузук жакындарын, аракеч айылдаштарын, ач көз, сабатсыз туугандарын чоң кызматка коюу боюнча Абылгазиев дүйнөдо рекорд коюп баратат. Ортодо болуп кеткен ызы-чуудан пайдаланып фракция жетекчилери менен бирге каалагандай тойпоңдоп алды. Иса Өмүркулов деген балакет көпкөнүнөн кайнисиинн туулган күнүндө Ысык-Ата районуну акимин “падарить” кылды. Абылгазиевдин мурду да кызарбай, буйрук чыгарып берди. “Жөжөнү күздө сана” дейт, күзүндө премьер Абылгазиевдин “Жөжөсүн санайбызбы?”
Азыркы учурда кандай премьер-министр керек?
- Өзүн гана пиар кылып, башка бирөөлөрдун эмгегин мен жасадым деп өзүнө ыйгарып алган, маалымат беттеринен кетпеген “эски карышкыр, чөө” өкмөт башчыларынан эл тажап бүтүштү.
- Өкмөт башчы болоор менен кызматынан пайдаланып жакындарын, туугандарын, айылдаштарын чон-чоң кызматтарга алып келип, өлкөнүн келечегин эмес, өз капчыгын калыңдатып алууну ойлогондор да элди тажатты.
- Өкмөт башчысы жаш, ызы-чууга, пиарга аралашпаган, жатып, турса да өлкөнүн экономикасын ойлогон, креативдүү, жаңы саамалыктарды ойлогон адам болуш керек. Эгерде “өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө иле берсе” акыры кызматынан кетет. Кызматынан кеткен соң ал койгон кишилер да кызматынан кетишет.
- Азыркы кырдаалга байланыштуу өкмөт башына Түндүк тараптан адамды көрсөткөн туура. Анткени, Кыргызстандын менталитети ушундай, бөтөнчө ушул мезгилде Түштүктөн премьер дайындаса, “президент да, премьер да Түштүктөн болду” дешип кырдаал кайра курчуп кетиши ыктымаал.
- Өкмөт башчысы коомчулук, маалымат каражаттары менен эсептешүүгө тийиш. Учурдагы премьер өз жакындарына кызматтарды берип коюп, коомчулук менен маалымат каражаттарына эмне айтаарын билбей тайсалдап турат.
- Мындай өкмөттөгү өксүктөрдү калыбына келтирүү үчүн, тууганчыл Абылгазиевдин ордун алмаштыруу туура болор. Балким, бул орунга жаш, саясый айдыңга батыл сиңип кете элек,иш десе ичкен ашын койгондордун бири Алмаз Кененбаевди койсо болмок. Азыркы учурда президенттик аппаратын биринчи орунбасары, Ысык-Көлдүн Ананьевосунан болгондуктан Түндүк-Түштүк маселесине да курч кырдаал туудурбайт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»