www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан ооруп айыккандан кийин аны кайра жуктуруп алам деп коркпош керектигин Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев айтып берди.

Ал брифинг учурунда бейтаптар арасында маанилүү болуп жаткан суроолорго токтолду.

"COVID-19 менен ооруган адамда иммунитет пайда болгондуктан экинчи ирет жуктуруп алат деген далил азырынча жок. Иммундук система көпкө чейин сакталышы мүмкүн деген божомол бар. Коронавирус инфекциясынан дарыланып бүткөндөн кийин, тагыраагы, эки жумадан соң ал башкаларга жугушу мүмкүн эмес", — деди Сооронбаев.

Бирок өпкө дарыгери айрым бейтаптарда симптомдор бир нече айга чейин сакталышы мүмкүндүгүн айтты. Аны кээ бирөөлөр оорудан айыкпай калдым же оору кайра жукту деп ойлошот.

"Коронавирустан кийин ден соолуктун толук калыбына келиши бир топ убакытты алат. Бат чарчоо, алсыздык, дем алуунун оорлогону сезилет. Ички органдарда өзгөрүүлөр байкалат, бөтөнчө өпкөнүн кан-тамырлары, ткандары көптө өзүнө келет. Мындай убакта адам өзүн жакшы караш керек, же болбосо абалы кыйындаса Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна же тармактык адистерге кайрылышы шарт", — деди адис.

Ошондой эле профессор элди ар кайсы кеңешти угуп, өз алдынча дарыланбоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости