www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Аламүдүн районунун мурдагы судьясы Б.К. үстүнөн ачылган кылмыш иш боюнча айыптоо актысына кол коюп, иш сотко жөнөтүлдү. Бул судьянын үстүнөн 11.11.2016-ж. Жазык кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши ачылган эле. Ал 49 жылга ижарага берилген мамлекеттин менчигиндеги жерди жеке менчикке берип жиберип, мамлекетке 89 миллион 808 миң 400 сом зыян келтирди деп таанылган. Аламүдүн районунда иштеген кесиптешин эми Бишкектин 1-Май райондук соту териштирет. Карта карганын көзүн чокуйбу же чокубайбы-бир аз күтө туралы.
2018-жылдын күз мезгилинде кызматынан четтетилген Москва райондук сотунун төрагасы Феликс Марлес да качып кетиптир, муну чекисттер ырастады. Судьялар Кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы аны кылмыш жообуна тартууга макулдук берген эле. Бул судья да жер талаштары боюнча туура эмес чыгарган чечимдерин коррупцияга каршы кызмат (АКС) териштирип баштаганда, алардын оозун пара менен жапмак болгондо кармалган. Бул судьянын кулагы Түркиядан көрүнүп жатат. Аскер сотунун экс-төрагасы Нурланбек Ашымбеков, Бишкектин Октябрь райсотунун судьясы Эрнис Чоткараев да куйруктарын түйүп, из жашырып жүрүшөт. Аскар Акаев жаман жорук баштап кетти да, кысталактыкы?
Булак: "Ачык саясат плюс"