www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул туурасында кыргыз өкмөтүнүн 26.03.2019-ж. кабыл алган токтомунун долбоорунда жазылат. Кыргызстанда 2017-2018-ж.ж. ичинде мунай чөйрөсүндөгү көмүскө экономика 12,8 %дан 25,2 % өсүп кеткен. Экономиканын бул тармагында Кыргызстан Россия менен Казакстанга биротоло көз каранды. Жакынкы мезгилдерден бери Казакстандан контрабанда көбөйгөнүн кошсок, анда көмүскө мунайдын көлөмү 40%га чейин жетиши мүмкүн экендигин экономисттер эсептеп отурат. Демек бюджетке атайын төлөмдөрдөн 5 млрд сомго жакын акча түшпөй калып жатат.

Чын-чынына келгенде бул көрсөткүч бийликтин чеңгелине илинген чакан жана орто чабактар ташып келип жаткан эле мунай азыктары. Ал эми мунай базарындагы киттер менен ажыдаарлардын үлүшү эч кимдин эсеп-чотуна илинбейт. Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын бир жылдык керектөөсү ал жакка ташылып барып жаткан бензин-солярканын бештен бир бөлүгүнө да жетпейт экен. Андай болгондо калганы каякка кетип жатат? Кыргызстанда 921 май куючу станциялардын 38и эле россиялыктар. Салыкчылардын эсебинде, россиялыктар которгон атайын төлөмдөр мунай боюнча жалпы төлөмдөрдүн 39% түзүп жатыптыр.

А кыкеңдердин 883 станциясынын төлөгөнү- 61%. Өкмөт токтомуна ылайык, 1.09.2016-ж. баштап май куйган станциялар кассалык аппараттарын онлайн-режимге өткөрүш керек эле, бирок көпчүлүк компаниялар ал токтомуңарды урганым жок дегенчелик кылып жатышат. Бийлик бул ишти июлга чейин бүтүрөбүз деп күпүлдөдү эле - май бүтүп баратат? Бука моюн мунай магнаттар моюн толготобу?

Булак: "Ачык саясат плюс"

 

Последние новости