www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курман айт майрамында өлкөнүн айрым жетекчилеринин сүйлөгөн сөздөрү коомчулуктун талкуусуна кабылды. Айрыкча Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков менен Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун мусулмандарга карата куттуктоосундагы колдонгон сөздөрүн айтууга болот.
Спикер Дастан Жумабеков парламенттин атынан куттуктоо сөзүн айтып жатып мындай деди:
- Жогоруда айтып кеткен биздин Дин башкармалыгынын айтылган жакшы ниеттерин, насаат сөздөрүн жүрөгүбүзгө түйүп, ошол иш-чаралар менен иш кылсак Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшү да тез болот.
Спикердин бул сөзү социалдык түйүндө катуу сынга кабылды. Анын айткандарын жогорку жетекчи айта турган сөз эместиги, анын орток, калыс пикирден тайып, динди башкы планга алып чыкканын чекилик катары баалашууда.
Булак: NazarNews.kg