www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Расмий Анкара жекшембиде Стамбулда католиктердин чиркөөсүндө бир кишини өлтүргөн шектүүлөр кармалганын, алар орусиялык жана тажикстандык жарандар экенин ачыктады. Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая жалпысынан 47 киши кармалганын, алардын дээрлик көпчүлүгү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү болушу ыктымал экенин билдирди.

"Шектүүлөрдүн экөө тең чет өлкөлүк жарандар. Бирөө Тажикстандан, экинчиси Орусиядан келген. Алардын ИМге мүчөлүгү иликтенүүдө", - деп жазды Йерликая Х баракчасына.

Расмий Дүйшөмбү эч кандай билдирүү жасай элек.

28-январда Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.40 чамасында Сырыер-Бүйүкдере районундагы Санта-Мария чиркөөсүндө болгон.

Стамбул шаарынын губернатору Давут Гүл 52 жаштагы Тунжер Жихан атуу киши каза тапканын, башка жараат алгандар жок экенин кабарлады. Кол салууга эмне себеп болгону азырынча беймаалым.

Өткөн айда Түркияда христиандардын храмдарын жана синагогаларды, Ирактын элчилигин бутага алган теракттарды даярдаган деген шек менен 30дан ашуун киши кармалган. Алар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү болгону айтылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости