www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султанов Кылыч Кой-Таш окуясын түзүүдө белгилүү ролду аткарган жигиттердин бири. Ал Кой-Ташка барып Атамбаев менен жаны бирге экенин айткан соң Атамбаевге жан кирип Кой-Таш Элдик Республикасын түзүүгө чамынып калат. Эми ар айыл өз алдынча Республика түзүү туура эмес, мыйзам боюнча да , абийир боюнча да туура эмес. Кой-Таш эмне Ватикан болуп калды беле? Кечээ эле Атамбаевге каршы Өзүнүн жеке пикирлерин элге таңуулап келген Кылыч мырза эмнеге жүзүн 180 градуска ары буруп, Атамбаев дегенде ак эткенден, так этип калды? Султанов бул пикирин ал кезде камакта жаткан Текебаев менен кобурашып айтты деген да туура эмес.

Республика түзө берсе туура болбой калат. Атамбаев менен Султанов жок дегенде Алдамүдүнгө кадыры өтүпүр.  Акыркы мезгилде Өмүрбек Чиркешович тууралуу маалыматтар соцтармактарда ат тезегин кургатпай калды. Текебаевди өлтүрүштү, кайра төрөлтүштү, «Белизгейттеги» калп тууралуу, Раиса Атамбаева менен Айгүл Текебаеванын боло турган жолугушуулары, ал эмес Өмүрбек Текебаевди парламентте чукуп чыгып, камалууга шарт түзүп берген Рыскелди Момбековдун «Атамбаевдик жээктен, Текебаевдик жээкке өтүп», Текебаевдин койдуруп койгон сакалынан өтө мактап жатышы, эмнегедир  Молдо Кылычты, тоюз Султан Кылычты дүүлүктүрө баштагандай.

Деги Султан Кылыч ким? «Заманың бөрү болсо, бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол» -дейт. Шопурлар мамлекетти башкарып, «телохранителдер» министрликти тейлеген заманда, Бакиевдин убагында «Кыргыз Руху» гезитинде ШМКнын документи менен «версталщик» болуп жүрүп, ыплас секс жана ушак-шоу менен жан сактап күнүн көрүп жүргөн «Супер-Инфо» гезитиндеги Султан Кылыч  саясатка аралашкан. Саясатка аралашканы министрлик «креслону» кучактап жыгылган. Гезити болсо Өмүрбек Текебаевдин менчик гезитине айланып, ал алган участокко гезитин жайгаштырып, эки элди чабыштырып коюп,  жылуу жумшак күн көрүп келген. Ар бир министрликте өз тыңчысын койгон Султан Кылыч маалымат «Баатырына» айланган.

Бирок эки дос Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин бийлик жана Башмыйзам үчүн болгон кармашы, акыры 2017-жылдын февраль айында, Владимир Путин Кыргызстанга иш сапарына келген кезде, Өмүрбек Текебаевди каматуу менен бүтөт. Эми анча каматкысы келсе да, Путин кеткен соң каматса деле болмок, эмне үчүн так Путин келер алдында каматканын элдин бары таң калтырган. Тынч жаткан Кылыч Султанды түйшөлтүп, айласы жок Атамбаевдик жээкке «таш ыргыта» баштайт. Анын «ташы» Атамбаевге тийген, тийбегенин ким билет, бирок эми, ошол «ташты» Атамбаевдик жээкке туруп алып, жаңы бийликти көздөй жаадыра баштаганы, жөн жаадырбай өзү да тарталаңдап чуркап келип, президентке өтө жакын тууган болот экен деп ушак таратып жүргөнүнө жол болсун. Султан Кылычтын өткөргөн пресс-конференциясында президенттик аппараттан Сеулга бул окуяны ооздон чыгарбоо тууралуу сураныч келген деген апыртмасын президенттик аппараттын маалыматы жокко чыгарды.

Кызык, эмне аны бир убакта көтөрмөлөгөн Текебаевин Атамбаев карматты беле же жаңы президентпи? Атамбаев мен бардык өзүмө жакпаган бийликтегилерди өзүм менен ала кетем деп, канча адамдарды жалган жалаа менен каматып кетти? Эми жалганчылыгы ачыла баштаганда, ошол өзү каматкандардан жана аларды колдогондордон жан соога сурай баштадыбы?   Эгер “саясаттын” май-талканын ооз тийип калган Кылычка  азыркы бийлик чоң кызмат сунуш кылса, ал Атамбаевди да,Текебаевди да уруп ойнобойт. Ал кызмат дегенде бүгүн илгерки “Асабанын” ролун ойнойм деген гезитине да уруп ойнобойт, гезит деген гезит, бирде “Асаба”, бирде “Супер-Инфо” алдыга чыга берет, бирок маалымат айдыңында соцтармактар “Фейсбук”, “Одноклассник”, сыяктуулар чыга калып,  гезиттерге  көлөкө түшүрүп жатканы менен иши жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости