www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылаңач сүрөттөрү менен Австралияга жардам кылган Инста-моделди жакындары чанып кетишти

Буга чейин, 8-январда “NаzarNews” агенттиги бул 20 жаштагы Кейлен Уорд аттуу модель айымдын демилгесин жазганбыз. Кыскасы, анда модель айым Австралияга 10 доллардан кем эмес акча которгондорго, өзүнүн жылаңач сүрөттөрүн жибере турганын убадалаган.

Көрсө, америкалык бул модель айымдын ыкмасы жакындарына жакпай калыптыр. Анын Инстаграммдагы аккаунту жабылып, үй-бүлөсү менен мамилеси бузулса, сүйлөшкөн жигити аны таштай качыптыр.

Эске сала кетсек, Австралиядагы жаратылыш кырсыгынан 23 адам каза болсо, 17 адам дайынсыз. Оттун кесепетинен 4 млн гектар токой, 1 миңден ашык турак-жай күйүп кеткен. Жарым миллиарддан ашык жапайы жаныбарлар өлгөн. Арасында кызыл китепке киргендери дагы бар. Бул жашыл континенттеги күчтүү токой өртү өткөн 2019-жылдын октябрь айында башталган. Учурда ал тутанган от континенттин түштүк-чыгыш аймагындагы Жаңы Түштүк Уэльс жана Виктория штаттарына чейин жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости