www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иманалиевдин “иши” кыйындап турабы?

Жемей, ичмей, таламай, тономой деген сапатты кантип жоготобуз, ыя? Мисалын деле, сабагын деле көрүп атабыз, бирок тыйылбай келет. Жегичтерден арылмайын Кыргызстан таза муунду да өстүрө албайт өңдөнөт. Дегеним, Каныбек Иманалиев деген инсаныбыз бар. Чыгармачылык жаатында да бир топ жемиштүү иштеп койгон. Бирок чыгармачыл адамдар таза болот деген аныктама Каныбек Капашевичке таптакыр тиешеси жок. Анткени, бул мырза Акаев доорунун акырынан жем жеп атып, «ашыкча» тоюп алганы тууралуу айтылып эле келет. Сөздү бултактатпай айтканда Каныбек Иманалиевдин «Эркин-Тоо» боюнча бир топ иштери ачыкка чыга турган болуп калыптыр. Билесиңер да, борбордун чок ортосундагы мамлекеттик деген имаратты, жерди Капашевич кантип эбин таап менчиктеп жибергенин. Кызыгы, бул окуяны териштирүү маселеси ачыкталып элге чыгабы же Капашович соодалашуу жолуна өтөбү?

Булак: “De-Факто”

Последние новости