www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-Бишкекке дагы бир илбирс алынып келинди

Нарын облусунун Жумгал районунан дагы бир илбирсти Бишкекке алып келишти. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы Жаратылышты коргоо союзунун маалымат кызматы (NABU)  кабарлады.

Маалыматка караганда, кызыл китепке кирген жаныбарды 9-январда Кашка-Суу кыштоосунан жергиликтүү тургундар көрүп калып "Илбирс тобуна" кабарлашкан. NABU менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жерине барып, жаныбарды сарайдан табышкан.  Сарайдын ээсинин айтканына караганда, жырткыч бул жайдан алыс эмес жердеги кыштоодогу малга кол салганга аракет кылганда ага иттер кол салган. Илбирс сарайга качып кирип, чыга албай калган. Ээси иттерди кубалап, тийиштүү кызматтарга байланышкан.

Илбирсти 10-январь күнү кечинде Бишкектеги NABUнун кеңсесине алып келишкен. Ветеринар Бакыт Ажыбеков жаныбарды карап чыккан. "Илбирс тобунун" жетекчиси Жыргал Султанов билдиргендей, илбирсти иттер талаганын далилдеген белгилер жок. Эми жаныбарды  Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги чечет. Бирок адистердин айтымында илбирске дайыма кам көрүү керек, антпесе эркиндикте өлүп калышы мүмкүндүгү бар. Адистер кармалган илбирс эркек экенин, болжол менен эки жашка чыккандыгын айтышты.

Эске салсак, буга чейин Таласта эл бактын башынан илбирстин баласын көрүп, аны алып түшүп кармагандыгы боюнча кабарланган. Көп өтпөй  бала илбирсти Бишкекке оор абалда алып келишкен. Ага Операцияны Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ветеринария боюнча илимдин кандидаттары Николай Подгорный, Нуркул Мырзаканов жана Бакыт Ажыбеков 1,5 саатка чукул кылынган.Анын баш жагынан эле 60ка чукул чачма ок табылды. Андан сырткары, маңдай жагынан, көзүнөн, оозунан жана тилинен октун майда чачмалары табылып, Ак илбирстин оң көзүнөн эки майда ок алып чыктык. Бирок анын кареги адамдар таап алып, кармаганга чейин эле агып калган   

Илбирстин сол көзүнүн көрүшү да болжол менен 40 пайызды түзөрүн Бакыт Ажыбеков айтып берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости