www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-февраль күнү Аксынын Кербен шаарында жумушунан унаа айдап келе жаткан милиционер жол боюнан төрт мугалим келинди коюп кеткен. Кырсыктан 30 жаштагы эки мугалим  каза таап, экөө ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулардын бири үйүнө чыгарылса, бири оор абалда. Жыйынтыгында бүгүн, 12 –февралда милиция кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган.

Аксылык окурмандарыбыздын берген маалыматына караганда, кырсык болгон күнү эч кандай жолдор тайгалак эмес таза болгон. Облустук милициянын маалымат катчысы “жолдор тайгак болгон” деп, туура эмес маалымат берип жатат, жергиликтүү калктын кыжырына тийип жатабы? –деген пикирин кошумчалады.

Ушул таптагы Аксы районунун Кербен шаарынын жолдорунун  төмөмөнкү сүрөттөрдөн көрсөңүздөр болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости