www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу максатында жер-жерлерде ар түрдүү иш-чаралар  өткөрүлүп келүүдө. Учурда өспүрүмдөгө өзгөчө көңүл бурулуп райондук, облустук деңгээлде алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлгөнү менен жаш өспүрүмдөр арасындагы же болбосо жаш өспүрүмдөргө катара жасалган зордук-зомбулуктар түп тамыры менен токтоп калды деп айтуу туура эмес. Андыктан иш-чаралар да тынымсыз жүргүлүп туруусу зарыл.

2019-жылдын 15-февраль күнү Аламүдүн районунун Бер-Булак айылындагы О.Турсунов атындагы орто мектепте жолугушуу болуп, ага Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги 
Т.Асаналиев, райондук ИИБнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы Р.Усенов, айылдык кеңештин төрагасы, социалдык кызматтын кызматкерлери, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана мектеп мугалимдери жогорку класстардын окуучулары менен мектеп окуучуларынын арасындагы көйгөйлөр туурасында талкуу жүргүзүштү. Алгач балдарга жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тартип бузуулар жана аларга карата колдонула турган жазалар тууралуу түшүндүрүшүп балдарды тартип бузбоого, кылмыштуулуктан алыс болууга чакырышты.

Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөр арсындагы тартип бузууларды алдын алууга багытталган видео роликтер көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн көздөрүнө жаш алдырды.

Аламүдүн районунун ИИБнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы Р.Усенов сөз сүйлөп, учурда балдар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын айтып, ар бир мүмкүнчүлүктү туура жолдого пайдалануу балдардын келечеги үчүн чоң ийгиликтерге жеткирээрин кошумчалап, мектеп босогосун аттагандан тарта ар бир окуучунун милдети окуп билим алуу менен гана чектелиши керектигин айтып, чоң класстардын кичүүлөрдү басынтуусу же 
болбогон акча талап кылуусу, ал баланын келечеги үчүн жакшылып алып келбеген көрүнүш экени белгиленди.

Райондук ИИБнүн башчысы Т.Асаналиев, милиция кызматкерлери кылмыштуулук жана тартип бузуулар менен гана күрөшпөй аларды алдын алууга аракет кылып жатканын кошумчалап, окуучуларды жеңил ойлуулук менен чечим кабыл албоого чакырып, кандай көйгөй болбосун мектеп мугалимдерине, милициянын жаш оспүрүмдөр менен иштөө боюнча тескөөчүсүнө же болбосо социалдык кызматкерлерге билдирүү маанилүү экендигин кошумчалады.

Өспүрүмдөр арасында баардык маселелерди чечүү үчүн күнү түнү иш-алып барууга милиция жана мамлекеттик башка кызматтар жетиштүү деңгээлде иштерин аткарып жаткарып жатканын белгилеп, окуучулар татыктуу билим алып, келечектеги кыялданган кесиптерине ээ болуусу үчүн алар биринчи кезекте орто мектепте жакшы окуусу зарыл экендигин билдирди.

Мектеп окуучулары арасында тартип бузуулардын жоктугуна кубанып, мектеп мугалимдери, социалдык кызматкерлер жана милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттердин жемиши экендигине токтолду.

Мындай жолугушуулар Аламүдүн районундагы башка орто мектептеринде уюштурулуп, жолугушууда окуучулар кызыккан суроолорун беришип, тиешелүү жоопторду алышты.

16-январь күнү Пригородный орто мектебинин окуучуларына Аламүдүн районунун ИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Юридикалык Академиясына саякат уюштурулуп. Окуу жайдын имараты менен таанышып чыгуу үчүн кенен мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости