www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамшитов катуу жаңылды

“Мамлекеттик кызматкерлер тантырап турбаса, көргүлүктү көрсөтүүчүлөр бар” деп айтылгандай, генпрокурор Өткүрбек Жамшитов “электрдин баасын кымбаттатыш керек” деп айта коюп, чоң талаш маселеге жем таштады. Айткандай бул айтылган сөз көпчүлүктүн кыжырын келтирип, “ар ким өз ишин билсе болот эле” дегендер да чыкты. Ириде айтылгандай бирөө жарым минтип тантырап турбаса да болбойт экен. Анткени азыр Өткүрбек мырзанын айткан кеби талашка түшүп, учурда бийликтегилерден дарегине дагы сын айтылып жаткан кез.

Ооба, “жылкы туягынан жаңылса, адам тилинен жаңылат” деп коёт эмеспи. Курган Өткүрбек мырза кайдагы кепти айта салды эле, тилинен жаңылып. Эми ошол бир ооз сөзү эптеп жеткен мансабынан алып түшпөсө болду.

“Тил адамдын душманы” дегендей, кызматка жеткендер тилинен чалынышпаса эле болду, огожо болуп иштеп жүрө беришет, колунан эч иш келбесе деле. Анткени аз сүйлөгөн киши эч качан жаман ишке кабылбайт жана чоңдордун көзүнө чалынбайт эмеспи. Өткүрбек мырза өзү деле өкүнүп жатса керек, “кайдагы кепти айта салдым эле”деп. Бул эми тилден чалынгандын бир гана кичине үзүмү. Ал эми тилден эмес, кылган ишинен ката кетиргендер өз мекенине батпай жүргөндөрүнө дагы ашыкча кеткендин бир белгиси. Өткүрбек мырза эми трибунага чыгып сүйлөгөндөн дагы коркуп калды го, анткени дагы бир нерсени тантырап салбайын деп. Андыктан тилге сак болгон адам гана кадыр-баркка жетет эмеспи.

Бердикожо Бийназаров,

Булак: NazarNews.kg

Последние новости