www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 18-февралда Жогорку Сот мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевге карата козголгон кылмыш ишин карады.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, сот ага карата Биринчи Май райондук сотунун өткөн жылдын 15-октябрында, Бишкек шаардык сотунун 6-декабрында чыгарган чечимин күчүндө калтырып, ал акталганы белгилүү болду.

Буга чейин Осмоналиев толугу менен акталганын, кылмыш иши козголгондон берки 5 жыл ичинде ден соолук, убактысы кеткенин айтып, мыйзамды бузгандар жооп берүүсү керектигин белгилеген.

Эске салсак, 2014-жылы Каныбек Осмоналиев депутат кезинде Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алууга тиешеси бар деп кылмыш иш козголгон.Саясатчы жана илимпоз бул ишти саясий буйрук деп атаган. Сотто прокурор экс-депутатты 15 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Белгилей кетсек, каныбек Осмоналиев "Ар-Намыс" партиясынын мурда депутат болгон. Ошондой эле ал КТРКда "Илим жана турмуш" аттуу берүүсүн да ишке ашырып, көп жаратман иштерди жасаган.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости