www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Расмий Вашингтон “Ислам мамлекети” террордук уюумунун башчысы Абу Бакр аль-Багдадини жок кылуу операциясына көз салган америка президенти Дональд Трамптын сүрөттөрүн жүктөдү.

Баардыгы камераны олуттуу тиктеп алышкан. Стол үстүндө бир нече ноутбук жана стационардык телефондор, кагаздар, интернетти улай турган түстүү зымдар жатканы көрүнүп турат.

Белгилей кетсек, 2011-жылы “номер биринчи террорчу” Усама бен Ладен жок кылынган. Ал операцияга андагы Америка прзеиденти Барак Обама жакын кеңешчилери менен бирге көз салган учуру жарыяланган. Айырмасы, Обаманы сүрөттөн араң издеп табасың. Муну кыргыздар, “улук болсоң - кичик бол...” дешчү эле адатта.

Ал эми мында Трамп жоон ортодо, АКШ гербинин алдында олтурат. Каптал жактарында вице-президент Майк Пенс, коргоо министри Марк Эспер, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Роберт О'Брайен, Бириккен башкы комитеттердин штабынын төрагасы генерал Марк Милли бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости