www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муну менен бирге милиция кызматкери аялдан ишинин оң чечилиши үчүн автоунаасын ага каттатып берүүсүн сураган. Аялдан 10 000 сом пара талап кылып  кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын тергөөчүсү аны интимдик мамилеге мажбурлап, автоунаасын өзүнө каттатып берүүнү сураган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы өздүк маалыматтар маалымдашты.

Белгилүү болгондой, аял өзүнүн уулун чаап жиберип, бала атасына даттанып айтып барган. Ал милицияга арыз жазган. Милия бөлүмүндө тергөөчү аялга баладан баш тартуу арызын жазууну сунуштап, антпесе кылмыш ишин козгоого туура келет деп түшүндүргөн. Ошондой эле жарандык мамилелер боюнча иштин оң чечилиши үчүн тергөөчү аялдан 10 000 сом жана ага катталган автоунааны өзүнө каттатып берүүнү талап кылган. Кийин алар чогуу шаардын четине чыгышып, машиненин салонунун тергөөчү аялга төшөк мамилесин сунуштаган.

Эске салсак, буга чейин ИИМ менен ЭКККМК менен биргеликте Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматынын С.Н. аттуу тергөөчүсүн 10 000 сом өлчөмүндө пара опузалаганы үчүн кармашкан. Тергөөнү Финполиция жүргүзүп жатканы белгиленген.

Vesti.kg Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка кайрылып, алар бул боюна кийинчерээк маалымат бере алышарын айтышты, деп жазып чыкты.  

Последние новости