www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Юбкачан эркек-баары бир эркек

 Америкалык журналист Джон Калдардын  канча түрдүү жыныс бар экендигине кызыгуусу анын жумуштан кетишине түрткү болду. Ошентсе да бул маселе тууралуу ал ачык айтууну токтоткон жок. Жогорудагы суроо журналистке гана эмес, трансгендерлик сезимине байланыштуу атактуу адамдарга, корпорацияларга да жагымсыз кырдаал жаратты. 

Идеалдарга берилүү

The Denver Post гезитинин  автору Джон Калдардын  жумуштан кетишине байланыштуу  макала «Күндөрүңүз көңүлдүү өтсүн, Джордж Оруэлл!» деп аталган сап менен башталат. Журналист басмада 2016-жылдан бери иштейт жана өз окурмандары арасында белгилүү. Мындан сырткары ал либерртариандык аналитикалык борбордо да төрага болуп иштеген. Бирок анын либералдык        көз карашы баарына тегиз болбой, айрым учурда консервативдик формулировканы да колдончу.

Гезиттеги акыркы макалага ал абдан таасирдүү тема койгон. Бейтаптар үчүн ооруканалар тарабынан төлөнүүчү жашыруун салыктарды талкуулап жатып, ал Коларододогу демократтар тарабынан алга сүрөлгөн башка “туюк” идеяларга өткөн.  “Эгер балаңызга эки жыныстуу адамдардан башка да жыныстуулар бар экендигин түшүндүрүш керек болсо, демократтар билим берүү тармагында ачык айкындуулук болушун каалашпайт. Эми мектеп сексуалдык билим берүү сабагын киргизсе, мугалим ЛГБТ өкүлдөрүнүн муктаждыктары тууралуу айтып бериши зарыл”,-деп билдирген Калдар.

Журналисттин айтымында аны дал ушул сөздүн айынан  жумуштан бошотушкан. “Инклюзивдик трансгендердин айынан биз сөз эркиндигин жоготуп жатканыбыз жөнүндөгү маалыматты айтканым акыркы түрткү болду”,-деп айткан ал өз микроблогунда. Калдар жетекчиликке нааразычылыгы жок экендигин айтуу менен бирге басманын саясаты аны кейитет. “Трансгендердик” деген сөздү колдонууга да болбойт”,-деп кейиген Калдар.

Жогорудагы сөздөр Калдарга карата боор ачууну да, нааразычылыкты да жаратып, жаңылык бат эле чыр-чатакка айланып кеткен.

Члены сообщества трансгендеров и их сторонники во время митинга в Лос-Анджелесе, штат Калифорния

 Калифорния штатындагы трансгендер жана анын тарапташтары

Гендердик ар түрдүүлүк

Гендердик өзгөчөлүк тууралуу талаш-тартыш кечээ эле пайда болгон жок. АКШ сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө дагы өзүн аял же эркек деп эсептебегендерди эмне деп атоо маселеси актуалдуу.

Facebook 2014-жылы америкалык жана европалык колдонуучуларына “жынысы” деген суроого “белгисиз” деген графадан сырткары дагы бир канча түшүнүктөрдү да кошушкан. 2014-жылдын февраль айында аял же эркек деген жыныстан башка ар түрдүү аталыштагы  58 учур катталган. Бул жаңылоо басма сөзгө жарыяланып, мекеме окурмандарга жаңы гендердик  өзгөчөлүктөр тууралуу айтып берүүнү чечкен.

Ошол учурда Facebookтун программисти Бриль Харрисон өзү жынысын эркектен аялга өзгөртүү процессинде турган. Ал: “Айрымдар үчүн жаңы графалар эч нерсени өзгөртпөсө, башкаларга бул өтө маанилүү”,-деп билдирген.

“Жыныс” жана “гендер” деген сөз дайым эле синоним болуп колдонулбайт. Жыныс деген сөз биологиялык жана физикалык мөнүздөмө болсо, гендер социалдык, маданий жана психологиялык өзгөчөлүктү өзүнө камтыйт.

Кээ бир адамдар өздөрүн эркектин денесинде туулган аялдыгын айтышса, башкалары тескерисинче экендигин маалымдашат. Айрымдар бул экөөнө кирбестигин билдиришип, кандайдыр бир өзгөчө категорияга кирээрин айтып жүрүшөт.

Участник 40-го гей-парада в Мадриде

Мадриддеги 40-гей-параддын катышуучусу

"Андрогиндер" өздөрүн аял да, эркек деп эсептешип, так бир чечимге келе алышпайт.

 “Бигендерлер” өздөрүн аял дагы, эркек дагы деп эсептешип, кырдаалга жараша экөөнүн бирин да айтып келишүүдө. Жогоруда айтылгандар “гендерфлюидик” (туруксуз) адамдар деп аталат.

Биологиялык жынысын өзгөрткөндөр трансгендер деген наамга ээ болсо, FTM (Female to Male) аббревиатурасы аялга айланган эркек дегенди түшүндүрөт, тескерисинче болсо, MTF (Male to Female).

Адамдын жүрүм-туруму эки жыныска да дал келбесе, жалпысынан "гендердик нонконформист" же "гендердик-вариативдик" деген терминдер менен аталат.

Өзүнүн биологиялык жынысына ишенимдүүлөр сөздүн башына “цис” деген мүчөнү улап, мисалы, “цисгендердик эркек” деген наамга ээ болот.

АКШда мындай ар түрдүүлүк официалдуу түрдө айтылган эмес. Документтерде-айдоочулук күбөлүктө, паспортто биологиялык жынысты көрсөтүү зарыл. АКШнын Мэрилинде штатында 2019-жылы шайлоодо добуш берүүдө каттоого алууда  жынысын көрсөткөн графага Х (такталбаган) деген сап кошулаарын убада кылышкан.

Эркек эркек боюнча калат

Кимди аял, кимди эркек деп атоого байланыштуу гендердик илим жагымсыз окуяларга да алып келет. Бул атактууларга да тиешелүү.

Мисалы, жаш сыйкырчы Гарри Поттер романынын автору Джоан Роулинг 2019-жылдын аягында Твиттерге: “Кандай кааласаң ошондой кийин. Өзүңдү каалагандай деп атасаң да болот” ж. б. у. с. сөздөрдү жазгандан кийин кескин сындарга туш болду.

Ал эми британиялык окумуштуу Майи Форстартер жыныс өзгөртүлгөнү адамга таасир этпейт, мисалы, эркек аялга айланганы менен аял болуп калбайт деп эсептейт.

Дүйнөдөгү аялдардын ич кийимин чыгарган Victoria’s Secret корпарациясы 2018-жылы чыр-чатакка кабылган. Анда корпорациянын маркетинг боюнча директору трансгендерлер эч качан модель боло алышпайт деген пикири талкууга алынган. Ошол окуядан  кийин аталган шоу 2019-жылы уюштурулбай калган.  

Модель Марта Хант на показе Victoria's Secret. 10 ноября 2015 года

 Victoria's Secretтин модели Марта Хант. 2015-жыл

Чыр-чатакка 2019-жылы  Улуу Британиялык аял-трансгендерди “Трансаялдар бул-эркектер.  Ошого макул болгула!” деген жазуусу бар футболка кийгендиги үчүн күнөөлөшкөн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости