www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Г. У.Калиеванын сунушунун негизинде Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э. М. Сулайманованы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 5-1 беренесине ылайык, судья Кыргыз Республикасынын судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү экендиги жана судьянын кадыр-баркына шек келтирген нерселерден алыс болушу керек экендиги жазылган.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына, судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунушун жөнөткөн.
“КР Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын 2020-жылдын 27-январындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын сунушу канааттандырылып, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М. Сулайманова тартип жоопкерчилигине тартылып, мөөнөтүнөн мурда бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү. Бул чечимдин негизинде Кыргыз Республикасынын президентине аталган судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөтүлдү”,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, жаңы жылдан кийин ЖКККББнын кызматкерлери жол кырсыкка шектүү катары судья Элмира Сулайманованын унаасын токтоткон. Анда судья Сулайманова мас абалда экени аныкталып, бирок өзү рулда отурганын мойнуна алган эмес. Кийин судья протокол түзгөн инспектордун үстүнөн сотко даттанган.
Булак: NazarNews.kg