www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-январда, Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошотулган күнүнө арналган митинг-реквиеми болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы 900 күн менен түнгө созулган курчоо элдик каармандыктын, массалык кайратмандыктын, патриотизмдин символу болуп калганын белгиледи.

«Биз трагедиялуу, ошол эле мезгилде баатырдык күндөргө этияттык менен мамиле кылабыз. Курчоода калган, бүгүн арабызда отурган мекендештерибиз менен сыймыктанабыз. Ленинградды душмандардын курчоосунан бошотууга катышып, баатырдык менен курман болгон төрт жарым миңден ашык кыргызстандыктын жаркын элесинин алдында башыбызди ийебиз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент кыргызстандыктар тарыхты эстен чыгарбай турганын, аны кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөрүн өзгөчө белгиледи.

«Биз дайыма ата-бабаларыбыздын баатырдыгын жана каармандыгын эстен чыгарбайбыз. Бардык курман болгондордун, бирок, жеңилбегендердин элесинин, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон 130 миң кыргызстандыктын жаркын элесинин алдында баш ийип, таазим кылабыз. Биздин кечегибиз үчүн өз өмүрүн арнагандарды эскерүүгө милдеттүүбүз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстанда бүткүл элдик майрам катары эң жогорку деңгээлде белгиленерин билдирди.

Курчоодо калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган. Алардын  3 миңи балдар болгон.

«16 миңге жакын Ленинград блокадачыларын бир тууган ага-карындаш катары кабыл алган биздин тылда эмгектенген мекендештерибизге ыраазычылык билдиребиз.  Курчоодогу Ленинград шаарынан бизге 3 жарым миңден ашык балдар келишип, өз мекенин, бир туугандарын жана жакындарын табышкан. Ленинград блокадасы — бул  бирдиктүү совет элинин, анын ичинде кыргыз жана орус элдеринин биримдигинин тарыхы. Ленинграддын курчоодон бошотулушу, андан кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы жалпы Жеңиш эч качан унутулбайт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктар Ленинград блокадачыларынын бекем эркин, эрдигин жана каармандыгын жогору баалай турганын дагы бир ирет белгиледи.

«Ошол жылдары али бала болсоңуздар да сиздер чоңдор көтөрө алгыс оор сыноолорго туш болдуңуздар. Бирок сиздер тагдырдын оор сыноосун татыктуу көтөрдүңүздөр. Жаш муунду жогорку руханий жана моралдык сапаттарга тарбиялоону улантып жатканыңыздар үчүн биз сиздерге ыраазыбыз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ленинградды бошотууда баатырдык менен курман болгондорду жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир минута унчукпай эскерүү болду.

Бишкек шаарындагы Д. Асанов атындагы эс алуу багында Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында өткөн митинг-реквиемге «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому» коомдук уюмунун төрайымы Анна Кутанова, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана Бишкек шаарынын жашоочулары, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги Райимберди Дуйшенбиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости