www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл мамлекеттик жөлөкпулду 563,6 миң адам ала алат

20-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулду жалпы алуучулардын саны 563,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылда мамлекеттик жөлөкпулду жалпы алуучулардын саны 563,6 миң адамды түздү. Анын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 308,7 миң  адам. “Социалдык жөлөкпул” - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 93,1 миң адамды түзсө,  ал эми бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөкпулун 161,8 миң адам алды.       

Белгилей кетсек, жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 871,2  сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3029,9 сомду түздү.    

Эске салсак, мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы   суммасы 7530,5 млн.сом (өсүш - 15,4%) акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө 2930,9 млн.сом, социалдык жөлөкпулду – 3478,0 млн.сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу - 650,3 млн.сом каржыланган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости