www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда ишкерлигин баштаган Кыргызстандык Асел Минагава биринчи кирешесине ээ болду. Бул тууралуу ал Твиттердеги жеке баракчасына жарыялаган.

Асел туура тамактануучу кафесин жаңы ачканда, бир да киши келбей ыйлаган видеосу  соцтармактарга тарап, чет элдик ЖМКлар дагы жазып чыгышкан.

«Көпчүлүк мен үчүн жана менин кафем үчүн тынчсызданып жатканын билем. Мен адамдардын көптүгүнөн бош орундук калбай калчу күндү абдан күткөм. Ушул ишемби күнү мен келген кардарларымдын бардыгын кайда отургузарымды билбей калдым, көбү бар жактагы тирөөчкө эле туруп, кофелерин ичип жатышты. Биздин негизги кардарларыбыз - биздин туруктуу конокторубуз. Алар бизге жума сайын келип жатышса, демек, бизде чындыгында эле бардыгы ойдогудай! Ушул ишемби күнү мен биринчи жолу 10 долларлык киреше таптым», - деп жазган.  

«Биз эми «One Stories» (тарыхы бар адам) деп аталабыз. Бизди бириктирген нерсе мына ушул. Кайгы, көз жаш, кубаныч жана тагдыр - мунун бардыгы адамдын тарыхынын бир бөлүгү», -  дейт ал.


Булак: NazarNews.kg  

Последние новости