www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын өзүнүн жарандарын коронавирус оорусу пайда болгон Кытайдын Ухань шаарынан эвакуацилоодо мүмкүнчүгү чектелген. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментине таянып, ТАСС агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ооруга көбүүрөөк коркунучу бар адамдарды эвакуация кылып кетишет. Рейс дипломаттар менен АКШнын Ухандагы элчилигинен Сан-Франциского 28-январда учуп кетет. Дипломатиялык миссиянын кызматкерлеринен сырткары, Мамлекеттик департамент Кытайдан чектелген санда мекендештерин алып кете алат. Кытай бийлиги АКШ кызматкерлерин көчүрүүгө жардам берерин билдирди.
Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору Тедрос Аданом Гебреисус Пекинде жаңы вирус пайда бологондон улам ал жакка коллегалары менен үчүп кеткенин билдирген. Алардын ниети “кандай окуялар болоорун” түшүнүү жана вирус менен күрөшүү үчүн Кытай менен өнөктөштүктү бекемдөө.
Кытайдын коронавирус оорусунан каза болгондордун саны 80ге жетип, 2 миңден ашуун адам ооруга чалдыкты. Аталган оору биринчи Кытайдын Ухань шаарында дүң рыногунда пайда болгон.
Учурда вирус Кытай мамлекетинен Түштүк Корея, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзия өлкөлөрүнө чейин жетти.
Булак: NazarNews.kg