www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Се ля ви, ТУУГАН!

“Arrival” бул келүү, “Deprture” бул кетүү. Аэропортто, Вокзалдарда ушинтип жазылат. Бул жөн эле сөздүк эмес. Бирөө - келүү. Бирөө - кетүү... Дүйнө ушинтип кыймылдайт. Ушинтип жылып, көчүп турат адамдар жер бетинде. Ушинтип катышат. Ушинтип оокат, тирилик жүрүүдө дүйнөдө. Келип анан кайра кетип... Кетип анан кайра келип. Жашоо өзү Кербен Сарай экен.

- Сиз кайда? дедим кара балага. Кара бала жанымда олтурган. "Эритрея!" деди, оозунда тамагын чайнап атып. Өзү шартылдап катуу сүйлөйбү же өз өлкөсүн баса айткысы келдиби, "Эритрея!" деп шаңдуу айтты, аңгыча капталыбызда олтурган бир кара киши менен кара аялды көргөздү: - Атамдын агасы! Жанындагы аялы. Аялынын агасы каза болуптур... Эритреяда. Ошого баратабыз, - деди. Деп туруп эмеле стюардесса таратып кеткен тамактан оозуна бурдады. Анан башын ары буруп "Ммм...!!!" деди, оозунда тамагын чайнап бүтө албай, капталында олтурган атасынын агасына кайрылып:"-...?" деп өз тилинде бирдеме деп сурады. Анысы да тамак бурдап атып кара балага макул дегендей башын ийкеди. Көрсө дагы вино ичесиңби? дептир. Анысы макул дептир. Жанымдагы эритреялык шарт эле стюардессага колун көтөрүп кайрылды: “One more bottle of wine please” деди. Стюардесса жанына келгенде « Red wine please» деп кошумчалады. Кызыл винодон дагы бирди берип коюңуз дегени. Ар демени ойлодум. Улам сурап ичкендерин айтам. Бири-бирин колдогону го, чарчаган башка ушул керек дешкени го.... же жөн эле адатыдыр... Кантсе да 20 жылдан бери Женевада жашашат тура. Женевалыктар өзгөчө бир бокал кызыл виносуз чоң тамагын жешпейт эмеспи... "Жаман болуптур..!" деп кара балага көңүл улаган болдум. Кара бала тамагын жеп бүтүп атып башын чайкап сүйлөп кирди: - Азыр Стамбулга жетсек кайра Аддис-Абебага (Эфиопия) учуш керек. Аддис-Абебада 22 саат күтүп олтурабыз да анан кайра андан ары Эритреяга кетебиз! Барбайт элем мынча жолго, айла жок, агам үчүн баратам. Карып калышты! Өздөрү жалгыз баралбайт! деди да ыстакан түбүндөгү винону шарт ичип салды. Мени караган жок, бирок самолет терезесин карап алып сүйлөй берди. Капырай дейм ичимден, тээ Таластагы же түштүктөгү куда-сөөгүнө көз көргөзгөнү бараткан айылдыктарды элестетип. Алар дагы аябай камданып, аябай тынчсызданып, баштан этек чулгаган санаа менен жолго чыгышаар эле... алардын жүзүнөн жакындарынын азасы анан да алыскы жол азабы сезилип тураар эле. "Кана эмесе, быссымылда, жөнөдүк! Аман эсен барып келели" дешчү унаасына түшүп атышып. Карасаң эми, дүйнөдө жалгыз кыргыз эле көзү өткөнгө "көз көргөзөт" бекен? Жо-ок, карабайсыңбы, боор бүткөн адам пенденин баары ошентээр... Америкаңбы, Африкаңбы, баарысы. "Өлгөнгө баратканың" бул жашоонун ичиндеги башка жашоодой. Башкага убакыт таппасаң да дал ошого убакыт табасың. Ал сени чыбыксыз жемелеп, парыз болуп желкеңден басып тураар... Эзелтен ошондой, элдин күндөгүгө окшобогон жашоосу бар: дал ошол сапар алып алыска кетип аткан анан кайра келип аткан. Жашоодо көп учур эсте калбайт бирок алыс жолго жөнөп атканың кайрылып келип атканың дайым жадыңда калчу...

-Анан, Эфиопия менен тынч элеби... чек араңар? дейм бир кезде. "Кайдан!!! дейт кара бала, согуш тынчып калган менен конфликт, тирешмей күндө эле болот. Эфиопия чек арасынан кичине эле кылт этсең снайперлер суроо-сопкутсуз тазалайт... деди да бир кезде мени көздөй денесин чукул буруп, биринчи ирет көзүмдү тике карап туруп: "Мен азыр билбейм, Эритреяга аман барып кайра Женевада үй-бүлөмө аман келемби билбейм, өз өлкөмдүн ичи да тынч эмес, бийлик тууралуу же дагы бирдеме тууралуу кичине шыбыш кылдыңбы, камаласың!!! Ошо бойдон чыкпайсың!!! Бирок мына... деди капталында агасын жаңсап, - айла жок! Буларды алып барыш керек. Өлүккө барбасак болбойт!" Бу кара бала өзү ушинтип дайыма шар жүрөбү же шараптын күчүбү билбейм, алдындагы тамак ашын шартылдата жыйнай салды да, ары бурулуп, агасына бапылдап бирдемелерди айтып кирди... Жолдогу жолоочунун баары санаачыл болот. Ойчул болот. Кээде алаксып күлгөн менен чымындай жаның самолетко же түшкөн түркүн дөөтүңө байланганы байланган... Самолет Стамбулга ылдыйлап кирди бир кезде. Кара бала менен "Жакшы бар" дештик. Камданып атып ал мага кайра кайрылып "Жана сен Бифтек дедиңби борборуңарды?" деди "Жок Бишкек дедим. "Аа!!!"деп күнөөлүүдөй аппак тишин кашкайта күлдү да: "Жакшы жет!" деди. "Өзүң да Асмараңа аман жет, тууган!" Жеткенде өкүрүп бараарсыңар, балким кошок сымал ырдап кирээрсиңер, эмне болсо да бардык жерде жоготуунун азабы окшош. Бир карасам кара баланын чоң жеңеси Стамбулдун үстүнөн көрүнүшүн үнсүз тиктеп бараткан экен. "Каралдым, сага кантип барбай коем!" деп бир тууганын эстеп аткансып. "Каралдым дешээр, канатым дешеээр, бир боорум "дешээр алар да! Жол! Узуун-узун бүтпөгөн жолдор! Жашоомдо сен өзгөчө орун алдың. Алыстыктар! Өзүмөн сурайм: Эмне сенин максаттарың алыспы? Тилектериң сенден алыс катылганбы? Сыр болуппу? Үмүттөрүң алыс-алыс азгырыппы? Кимдер сени узатты? Кимдер сени тосуп алат? Дайыма эле сүйүнүп келип сүйүнүп кетчи, "каралдым"! "Келүү"менен дарбаза ачылгандай, "Кетүү" менен артыңан дарбаза жабылгандай... үмүт болуп, ырым болуп сапарлар, жер бетинде сапырылып, жолоочулар жолго чыгып, аалам эли бир-бирине каттап атат ушинтип. Жашоо өзү кербен сарай. А сен жакшы адамга бир токтой кет чай ичип... Жолго чыгып башталабыз, жолдон барып бүтөбүз...

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ

Декабрь, 2019

Женева

Булак: "Ачык саясат плюс"

 

 

Последние новости