www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты ишти карап жаткан судья Жазык-процессуалдык кодексти бузууда деп эсептейт. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев «Азаттыкка» билдирген.

Маалыматка караганда, анын пикиринде, судьянын аракети кодекстин 302-305-беренелерине каршы келет деген.

- Төрайымдык кылган судья Ирина Воронцова залга кирип келип эле Исаковду сурай баштады, - деди адвокат. - Сот адегенде жараян башталганын жарыялап, катчы залда отургандар тууралуу билдирип, өтүнүчтөр каралгандан кийин гана сурак кылса болот. Судья анын бирин да кылган жок. Экинчиден, Исаков судьялардын көңүлүн конкреттүү документтерге бурууну каалады, бирок судьялардын столунда иштин материалдары жок. Сот негизи эле шашып, тезирээк аяктаганга аракет кылып жаткандай сезилет.

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого Кытай бөлгөн акчанын коротулушу боюнча кылмыш ишин шаардык сот апелляциялык негизде карап жатат.

Мурдагы эки премьер-министр – Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары энергетиктер жана экс-министр болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен 2019-жылдын 6-декабрында соттолгон.

Адвокат Жоошевдин бүгүнкү каршы пикирин сот негизсиз деп эсептеп, кабыл алган жок.

Бирок, жактоочунун айтымында, айтылган пикирлер жараяндын протоколуна киргизилиши керек.

Бүгүнкү отурумда Сапар Исаков ага коюлган айыптар далилсиз экенин айтты.

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган.

Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Мира Карыбаева, Улукбек Матисаков, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Исаков менен Карыбаевадан башкасы тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иштери бөлөк каралууда.

Башкы прокуратура музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу 6-декабрда 15 жылга кесилген. Мындай өкүмдү Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости