www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, анын жубайы Минавар Жумаева, Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Райымбек Матраимов жана анын жубайы Уулкан Тургунова, ошондой эле “Исмаил Матраимов” атындагы коомдук уюму 24.kg ге койгон 15 миллион сомдук доо арызын кайтарып алды. Бул тууралуу аталган басма билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 24.kg “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аталышындагы материалга далили жок экендигин айтып, маалыматты төгүндөгөндүгү үчүн Матраимовдор доо арызын кайтып алышкан.

Мындан сырткары “Азаттык”, “Клооп” басмалары да Матраимовдор жөнүндөгү материалды төгүндөсө аларга карата да доо арызын кайра алууга убада берген.

Бирок аталган маалымат каражаттары төгүндөөдөн баш тартышты.

Кийинки соттук отурум 29-январда болот.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости