www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан менен эки жер тилкесин алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун берген маалыматына таянып жазып чыкты.
Анын берген маалыматына таянсак, Аркас (Көк-Таш айылынын жанында) менен Самаркандек айылынын жанындагы жер тилкесин алмашуу боюнча иштер жүрүп жатат.
"Эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Жер тилкелерин алмашуу боюнча жалпы түшүнүк бар, бирок бирдей пикирге келе элекпиз", — деди Разаков.
Белгилей кетсек, январдын башында болгон чек арадагы чырдан кийин эки өлкөнүн вице-премьерлери жер тилкелерин алмашуу жагын карап баштаган.
Эки өлкөнүн топографиялык жумушчу тобуна 1-мартка чейин, Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.
Булак: NazarNews.kg