www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Санариптештирүү” туурасындагы сөздүн наркы канчалык?

ИИМ Кыргызстандагы санариптештирүү коопсуздугун камсыз кылууга даяр эмес экенин моюнга алды. Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов өзүнүн КР ИИМге жазган кайрылуусуна орун басар министр Памир Асановдун колу коюлган жоопту алды. Кайрылуусунда Бекешов Мартраимовдордун үй-бүлөсү туурасындагы иликтөөлөрдү кайрадан басып чыгышкан "Фактчек.кж" жана башка маалымат каражаттарына карата жасалган хакердик чабуулдарды тергөөнү талап кылган.

Ток этер жерин айтканда, жоопто айтылгандай, милиция бул ишке байланыштуу эч нерсе жасай албай турганы анык болду. Эске салсак, өткөн жылдын этегинде "Фактчек.кж." Райим-миллиондун аялы сүрөттөрүнө караганда кымбат баалуу буюмдарга канча акча коротоору туурасында иликтөөлөрүн жарыялаган эле.

Алардын сайтына (ага кошо материалды баскан калган сайттарга да) хакерлер чабуул жасаган соң алар бир нече саат бою иштебей калган. Кимдир бирөөлөрдүн буйрутмасы боюнча жасаган бузуку-хакерлердин бул иши кылмыш кодексинин эки беренесинин алкагына кенен батат. Бирок эмне үчүн ИИМ кылмыш ишин козгоодон баш тартты деген суроо туулат. Баса, Памир Асанов Матраимовдун тууганы эмеспи, муну өткөн жылы ИИМ да расмий тастыктаган. Андыктан ал өзүнүн тууган катары кызыкдарлыгы ачыктан ачык көрүнүп турган мындай жоопко кол койгондон уялса болмок.

Бирок ал тартынган жок, анткени анын көз карашында берген жообунун баары ойдогудай окшойт. Деги ал жоопто кандай жүйөөлөрдү келтиргенине кызыгып көрөлү. Биринчиден, ага кимдир бирөөлөрдөн жабыр тартканы туурасында эч кандай арыз түшпөгөн имиш. Буга күлкүң келет: анткени маалымат каражаттарында жарыяланган макалалар кылмыш ишин ачууга толук негиз болуп бере алат. Хакердик чабуулдар туурасында Кыргызстандын КТРдан башка маалымат каражаттарынын баары эле айтып чыгышты окшойт.

Жоопто "экинчиден" деген да жүйөө бар. ИИМде мындай кылмыштарды иликтеп тергей турган адистер жок имиш. Кылмыш бар, ал эми адистер жок (ИИМде киберкылмыштар менен алектене турган же алектенген түр көрсөткөн бөлүм бар экенине карабай), иштин жайы ушундай. Кыргызстанда үчүнчү жылдан бери "күрдөөлдүү" жүрүп жаткан "санариптештирүүнүн" куну ушул. Киберкоопсуздугу жок санариптештирүү пайдасы жок гана эмес, коркунучтуу да экени түшүнүктүү эмеспи.

Санарип мейкиндигине чыгып кеткен маалыматтар канчалык көп болсо, аларды ошончолук коргоого алуу керек. Бүгүн мейли, хакерлер ЖМКга чабуул жасаптыр, эртең маселен, Токтогул ГЭСинин башкаруу системасына чабуул жасаса эмне болот? Эгерде Памир мырзанын буга башы жетпесе, ИИМдин штатына киберкылмыштуулук менен күрөшө турган адистерди алууга чыгынбаса же каалабаса, анда өзү иштин көзүн билбеген адам катары кызматынан алынууга тийиш. Бирок муну ал өзү эң сонун түшүнүп турганы менен бирок ишти бүлүндүрүүдө, демек ага өзүнө жараша мамиле жасалууга тийиш.

Баян КӨЛБАЕВА

Булак: “Ачык саясат плюс”

 

Последние новости