www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги гүлдөрдү кооздоп, нан таап жеген 1-топтогу майып Гүлбарчынды кепке тартып, эмне үчүн мүмкүнчүлүгү чектелип калганынын себебин сурадык.

--Гүлбарчын, майып болуп, коляскага отуруп калганыңарга канча болду?

--Мындан 8 жыл мурун баспай калып, дарыгерлерге көрүнгөм. Алар операциясыз дарылоо мүмкүн эмес экенин  айтышкан. Себеби, диогнозду жүлүнгө киста өсүп кетиптир деп коюшкан. Аны уккандан кийин өз каалоом менен эле операцияга макул болгом. Менин операциям оңой болбогон үчүн Бишкектен Ошко профессорлор да чакырылган. Биринчи үч жылда басып кетем деген үмүтүм зор болду. Үч айда басам деп ойлодум. Анан 6 айда басып калармын дедим. Аңгыча бир жыл өттү. Анан үч жыл өттү. Анан өз аракетимди кылып, баспасам да кызымдын майдайында аман-эсен болоюн деп калдым. Бирок, ошентсе да кулагым угуп, көзүм көргөн жердин баарына бардым. Мыкты экен дегендерге көрүндүм. Эбепке себеп болуп басып калармын дечүмүн. Акыркы 2 жылдан бери каражаттын тартыштыгынан дартыма даба издемек турсун, 6 айда бир көрүнүп, дарыланганга да чамам жетпей калчу болду.

--Пенсия аласызбы?

--6500 сом пенсия алам. Бирок, ал бардык эле керектүүлөрүмө жете бербейт. Ошон үчүн учурунда 3 айда, жок дегенде 6 айда бир алып турчу дарылоо курсун да алалбай калып жатам. Убагы менен дарыланбасам, бутум сыздап ооруйт.

--Дарылангандын пайдасы байкалабы?

--Байкалат. Мурун бутумду сезбей калсам, азыр сезип калдым. Табарсыгымдын толгонун, заңдаарымды да билип калдым. Аз болсо да жылыш байкалганын сезгенде кудурети күчтүү Кудай бастырып коёр деген үмүт пайда болот.

--Врачтар жүлүнгө киста эмнеден пайда болоорун айтыштыбы?

--Катуу соккудан  пайда болгон дешти. Бирок, баспай кала турган абалга жеткирген соккуну кайдан, качан алганымды так билбейм. 17 жашымда турмушка чыккам. Түрдүү жагдайлардан улам баспай калганга чейин эле эки ажырашып  кеткем... Турмуштун сыноосу экен эми минтип баспай калган жашоону баштан кечирип жатам.

--Бишкекке качан келгенсиз? Эмне кылып жан сактайсыңар?

--Бишкекке беш жыл мурун келгенбиз. Кызым экөөбүз эптештирип жан сактап жатабыз. Ата –энем бир туугандарым кем-карчымды беришкени менен алардыкы дагы чектелүү. Өмүр бою алардын мойнуна жүк болгуң келбейт экен. Алардын менден башка да маселелери бар деп, өз оокатымды өзүм кылууга аракет кылам. Мурун сайма сайсам, азыр гүлдөрдү кооздоп, каражат табам. Кардар болсо, жакшы эле болуп калат тапканым.  Кардар жок болсо, каражат жок болуп калат.

--Кызыңыз канчада?

--20 жашта. Коллежде окуйт. Рамазан айында кайрымдуу адамдар кир жууган машине, телевизор белек кылышып, кызым экөөбүздү абдан кубантышты. Кудай буюруп басып калып, мен да элим үчүн кызмат кылайын деп ниет кылдым.

Булак: NazarNews.org

Последние новости