www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) интернеттеги №1 тергөө абагынын жана Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясынын кызматкерлеринен коронавирус аныкталды деген маалыматты четке какты.

Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин №1 тергөө абагынын, Бишкек №47, Степное №2, Ново-Покровка айылындагы №3, Молдовановка айылындагы №27 колонияларындагы кызматкерлер жана госпиталда иштеген 18 медик тест тапшырды. Баарыныкы таза чыкты.

Маалыматка караганда, эгер кимдир бирөөдө вирустун белгиси билинсе, дароо ЖАМК бейтапканасына жөнөтүлөт. Андан обочолонууга же үй карантинине чыгарылат.

"Учурда кызматкерлер жана жаза өтөп жаткандар арасында коронавирус жуктургандар жок. Күн сайын ар бир кишинин дене табы текшерилип турат. Ошондой эле дезинфекциялык иштер уланууда. Буга чейинки интернетте тараган маалымат чындыкка туура келбейт. COVID-19 боюнча жалган маалыматтарды тараткандарга жоопкерчилик каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин саламаттыкты сактоо минситринин орун басары СИЗО-1дин кызматкеринен илдет аныкталганын айткан болчу. А бирок бул маалыматты ЖАМК дайыма четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости