www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Медведев эмне үчүн отставкага кеткендигин айтты

Орусиянын экс-премьер-министри Дмитрий Медведев Орусиянын Биринчи каналына өкмөт эмне үчүн отставкага кеткендигин айтып берди. Медведевдин айтымында бул кадамга Путиндин 15-январдагы Федералдык чогулушта айткан сөзү түрткү болгон.

“Президент өкмөттү, парламентти, соттук системаларды сындоо, кандайдыр бир чараларды колдонуу боюнча эркин болушу керек. Бул өкмөткө да тиешелүү”,-деген  оюн билдирген.

 Экс-премьер-министр жалпысынан өкмөттө сегиз жыл иштегенин айтып, бул мезгилди “узак убакыт” деп атаган.

Өзүнүн премьерлик убактысын татаал жана маанилүү деп атап, макроэкономикалык санкциялар учурунда туруктуулукту кармап турган өкмөттүн ишине ыраазы экендигин белгиледи. Медведевдин айтымында министрлер кабинети 15 пайыз инфляцияны 3 пайызга чейин түшүрө алышкан.  

Ошондой эле экс-премьер-министр президенттин указы менен мамлекет үчүн маанилүү делген улуттук долбоорлорду жана ири программаларды ишке ашыргандыгын айтты.

Жаңы кызматка дайындалышы боюнча: “Коопсуздук кеңешиндеги кызмат мен үчүн жаңылык болгон жок, мындай идеялар мурда эле бар болчу”,-деди.

Мындан сырткары Медведев “Единая Россия” партиясындагны төрагалык кызматы Коопсуздук кеңешиндеги кызматына тоскоолдук жаратпагандыгы үчүн партияда төрагалык кызматта кала беришин жана бул партиянын элдин алдында жоопкерчилиги зор экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, 15-январда Путин Федералдык чогулушта өкмөт отставкага кетеээрин айткан. Андан кийин Медведев министрлер кабинети толук курамы менен отставкага кетет деп айтты.

Бир канча сааттан кийин президент министрлер кабинетин жетектөөгө Михаил Мишустинди сунуштаган.

Эртеси Мамлекеттик Дума анын сунушун колдоп, Мишустин  аталган кызматка дайындалган.

Жаңы өкмөттүн курамы азырынча белгисиз, Мишустин жаңы министрлер кабинети тууралуу депутаттарга апрель айында айтып берет.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости