www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы №185 маршруттук каттамдын айдоочусу саат 21:00дөн кийин өз билемдик менен жол кире акысын көтөрүп алган. Бул тууралуу видеону жүргүнчү жергиликтүү басылмалардын бирине жөнөткөн.

Материалдар Бишкек шаарынын транспорт башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Белгилей кетсек, кечки саат 21:00дөн кийин жол акы 12 сомду түзөт.

Буга чейин дагы шаардын коомдук транспортунун айрым айдоочулары өз билемдик менен жол кире акысын көтөрүп алган фактылар аныкталган.

Айтсак, өткөн жумада №117 маршруттук каттамдын айдоочусу өз билемдик менен жол кирени 20 сомго көтөрүп койгон. Жүргүнчүлөрдүн бардыгы шопур талап кылган жол кирени төлөгөн. Бирок, бир жүргүнчүнүн ачкасы 20 сомго жетпегендигине байланыштуу аны айдоочу транспорттон чыгарып койгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости