ВИДЕО - Урандын кесепетиби?! Кочкордо “мутант” жандыктар туула баштады
Коом  |   |  2377

Кочкор районунун жашоочуларын ара туулган мал жандыктар чоочутууда. Бул тууралуу “Turmush” басылмасы тараткан маалыматта айтылат.

Анда айтылгандай, аталган райондун Семиз-Бел айылында бир баштуу эгиз козу туулуп, бирок ал жашап кете алган эмес. Эгиз козу туулгандан кийин эле өлүп калган.

Бул көрүнүштү жаратылыштын жаңылыштыгына байланыштырган жергиликтүүлөр бар. Бирок ошол эле маалда, мындай ара туулган учурлар соңку кезде көп катталып жатканын эске алган айрым айыл тургундары, буга уран кенинин таасири тийип жатканын билдиришкен.

 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями