www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ливанда экономикалык жана каржылык кризиске нааразы болгон жарандар,  Бейрут шаарында нааразычылык акциясына чыгышты. Бирок, полиция парламент алдына чыккан жүздөгөн демонстранттарга каршы,  көздөн жаш агызуучу газ, суу чачып, резина ок атты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, акцияга чыккан жарандардан 114 киши жаракат алаган.  «Кызыл чырым» жана Ливандын Жарандык коргоо мекемеси жаракат алган 47 киши медициналык жардам алууга ооруканага жөнөтүлгөн.   Окуяны чагылдырган кабарчылар жабыркагандардын көпчүлүгү ок бетине жана төшүнө тийгендер экенин кабарлашууда.

Эске салсак, ишенбиде   377 киши жаракат алып, 120сы ооруканага түшкөн. Ал эми күч органдарынан 142 кызматкер жабыркаган. Ливанда каржылык кризистен жана экономикалык жагдайдан улам нааразылык акциясына чыккандар көбөйүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости