www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берлинде өткөн Ливияга байланыштуу жыйында Владимир Путин сүрөткө түшүү аземине бир аз кечигип калганда Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон россиянын лидерин издеп калышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.

Берилген видеодо көрсөтүлгөндөй, Меркель менен Макрон саммиттин башка катышуучулары менен биргеликте сүрөткө түшүү аземине даярданып жатышкан. Алар Путин али келе электигин байкаганда, өлкө башчылары эки жагын каранып, Германиянын канцлери Антониу Гутеррешден Владимир Путин каякта деп сураган. Россиянын президенти анын жанында туруш керек болчу.

Көп өтпөй россиялык лидер съемка болгон жерге келип, франциялык лидер менен учурашкан. А Меркель болсо, сүрөткө түшүү үчүн президенттин ордун көрсөттү.

Бүгүн, 20-январда Берлинде Ливиядагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эл аралык жыйын өткөрүлдү. Жыйында Путин, Макрон жана Геттеррештен тышкары Улуу Британиянын, Египеттин, Түрциянын өлкө башчылары, Еврокомиссиянын башчысы жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости